БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын райондорунда эки миңге чукул киши катышкан ишембилик өттү. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"3-4-ноябрда ишембилик уюштурулуп, ага муниципалитеттин уюмдары менен мекемелери чыкты", — деп айтылат маалыматта.
![Борбор калаанын райондорунда эки миңге чукул киши катышкан ишембилик өттү Борбор калаанын райондорунда эки миңге чукул киши катышкан ишембилик өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104185/13/1041851379_0:125:1032:774_600x0_80_0_0_08c7f0d48c49e750bca7378d80d58b3b.jpg)
![Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104185/13/1041851390_0:0:964:607_600x0_80_0_0_fbef181accd13a7a0a9e07fc92247be9.jpg)
![3-4-ноябрда ишембилик уюштурулуп, ага муниципалитеттин уюмдары менен мекемелери чыкты 3-4-ноябрда ишембилик уюштурулуп, ага муниципалитеттин уюмдары менен мекемелери чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104185/13/1041851385_114:0:1079:607_600x0_80_0_0_caf78533afc32dd94a08b26035f37df2.jpg)
![Биринчи Май районунда 20 ишкана-мекеме, мектептерден 400гө чукул киши чыккан Биринчи Май районунда 20 ишкана-мекеме, мектептерден 400гө чукул киши чыккан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104185/13/1041851374_1:0:966:607_600x0_80_0_0_f328e83a0878562450f058e2bdbb7e7b.jpg)
![Эркиндик проспектиси менен Жаштар паркы негизги объектилерден болгон. Эркиндик проспектиси менен Жаштар паркы негизги объектилерден болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104185/13/1041851369_63:0:1028:607_600x0_80_0_0_41b1e3191bb63a85f17dfac74aa30b94.jpg)
Биринчи Май району
Бул аймакта 20 ишкана-мекеме, мектептерден 400гө чукул киши чыккан. Эркиндик проспектиси менен "Жаштар" паркы негизги объектилерден болгон. Жалпы жонунан 18 900 чарчы метр аймактан жана ирригациялык системадан 15 куб метр таштанды чыгарылды.
Свердлов району
Театр скверин, "Эне-Сай" менен "Ак-Тилек" конуштарын 780 киши тазалаган. Бардыгы болуп 15 300 чарчы метр жерден 24 куб метр таштанды чыгарылган.
Ленин району
Октябрь району
Бул аймакта таштанды менен куураган жалбырактарды Дайыр Асанов жана Ататүрк парктарынан, "Физкультурный" скверинен, жаңгак жана кайың токойлорунан 670 киши тазалады. "Көк-Жар" жаңы конушунун, "Туңгуч" жана 3-кичи райондун жашоочулары өз аймактарында ишембилик өткөрдү. Аталган райондо 14 миң чарчы метр жерден 17 куб метр таштанды чыгарылды.