Авиабилеттерге болгон бааны түшүрүү кыйын. Андыктан жакынкы арада баалар өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Данияр Арынов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, авиакомпаниянын баа саясаты ишканадагы чыгымдардын көлөмүнөн көз каранды.
"Учак билеттеринин баасын арзандатуу бир гана авиакомпанияга тиешелүү эмес. Авиакеросиндин баасы, техникага сарпталган каражат, аэропорттун ижара акысы жана башка ушул сыяктуу бир топ чыгымдар бар. Кыскача айтканда, өзүн-өзү акташы керек. Тилекке каршы, чыгашаларды эске албай туруп, бааны төмөндөтүп салуу мүмкүн эмес. Биз ансыз деле кыскартуунун жолундабыз. Биздин бир кызматкер эки-үч кишинин жумушун аткарат. Андыктан баа саясатына келгенде бардык жагдай бизден эле көз каранды боло бербейт," — деди Арынов.
Ошондой эле ал эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билиши керектигин кошумчалады.