БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. WhatsApp тайпаларында эртеңден тарта коммуникациянын жаңы эрежелери иштеп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандардын телефон жана интернет аркылуу сүйлөшкөндөрүн жаздыра баштайт деген билдирүү тарап жатат.
![Распространяемое сообщение в группах WhatsApp, что отныне Госкомитет национальной безопасности КР будет записывать все телефонные и интернет-звонки граждан Распространяемое сообщение в группах WhatsApp, что отныне Госкомитет национальной безопасности КР будет записывать все телефонные и интернет-звонки граждан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104192/19/1041921938_0:0:661:459_600x0_80_0_0_6c1edd3ad45402438a3b6e86c9f44478.jpg)
"Чалуулар, сүйлөшүүлөрдүн баары жазылат. Twitter, Facebook текшерилип, социалдык тармак жана форумдар көзөмөлгө алынат. Билбегендерге айтып койгула. Бардык түзүлүштөр тыңшоочу системага туташкан. Керексиз маалыматтарды жөнөтүүдө сак болгула. Жашыруун маалыматты ачыктоодон оолак болуу зарыл. балдарыңарга да айткыла. Эртеңден тарта өлкө аймагында көзөмөлдүн башкача ыкмасы иштей баштайт", — деп жазылат таратылган билдирүүдө.
УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган билдирүү текшерилип жатканын, жазылгандар жалган маалымат экенин белгиледи.