00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКучакташып турган түгөй. Архив
Кучакташып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында өз жолун таба албай жүргөн аялдын катын жарыялайбыз.

Взрыв у здания РОВД в Сунженском районе Чечни - Sputnik Кыргызстан
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
Саламатсыздарбы, мен сиздерге кеңеш алуу үчүн кайрылып жатам. Анткени бир чечимге келе албай убарамын. Эки жыл мурун үй-бүлөлүү киши менен мамиле куруп баштагам. Анын көңүлдөшү болуу мен үчүн нормалдуу эле нерсе болчу. Бирок жакын адамдарым токол болуу кемсинүү экенин айтып, "үй-бүлөсүн таштатууга аракет жаса" дешти. Бирок башында сүйүктүүмө анын үй-бүлөсүнө "кийлигишпейм" деп сөз берип алгам. Чогуу болгон учурда балдары, аялы тууралуу такыр сөз кылбайбыз. Бирок акыркы кезде убактымды текке кетирип жаткандай сезиле баштады. Башкалар менен да мамиле кура албайм. Анткени ал мени каражат менен камсыздайт, мен болсо көзүнө чөп салбайм деп сүйлөшкөнбүз. Бирок мага жумасына бир эле ирет жолукканыбыз аздык кылууда.

Жакында аны менен бардыгын ачык сүйлөшүп, өзүмдүн кооптонууларым жана мамилебизди мыйзамдаштыруу тууралуу сүйлөштүм. Чындыгында жинденип көп нерселерди айтат го деп ойлогом. Бирок ал сабырдуулугун көрөсөтүп, жубайы болуу кыялымды сезгендей болду, бирок балдары үчүн тынчсызданып жатат.

Ошондон бери менин жана анын жашоосун толук өзгөртсөмбү, бирге түтүн булатсакпы деп ойлоно баштадым. Экинчи тарабынан коркуп жатам. Аялынын ордуна мени тапкандай эле дене-боюм өзгөргөндө мени дагы таштап башканы таап алабы деп кооптоном.

Эмне кыларымды билбей калдым, кеңеш бериңиздер.

Ильдар Акбутин, психолог:

Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн мага көңүлү жок, никеге да турбай жатат. Көп балалуу келиндин күйүтү
Албетте, бир дагы аял өзүнүн сүйүктүү адамына көңүлдөш болууну каалабайт. Сиз "мен анын жубайынан жаш жана сулуумун. Ошол үчүн мени тандады" деп ойлойт экенсиз. Бирок ошол эле учурда "менин дагы көзүмө чөп салсачы" деп санаа тартып жатасыз.

Экөөңөр мамилеңерди ачыктап баш кошкон күндө дагы сиз аны "солго" баспай атабы деп шек санай бере турган болосуз. Анткени өзүңүз анын жашоосунда дал ушундай жол менен пайда болгонсуз. Экинчиден, азыркы жубайынан балдары болгондон кийин сиз менен жашап атып деле аларга барып, каралаша берет. Дегеним, азыркы үй-бүлөсү анын жашоосунан баш-оту менен эч качан жок болуп кетпейт. Сиз ушул нерсеге даярсызбы?

Дагы бир өтө маанилүү нерсе — бир эле эркек көңүлдөштүн ролунда башка, күйөөнүн ролунда башка адам болорун эске алышыңыз керек. Азыр сиз аны менен анда-санда кезигип, ошол сааттар майрамдай сезилет. Ал эми көртирлик — бул таптакыр башка нерсе, бири-бириңердин кемчиликтериңерди жакындан көрө баштайсыңар.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
40тан ашып баратам, өзүм үчүн төрөп алсамбы… Аял кишинин толгонуусу
Акырында эмне үчүн сизди үй-бүлөлүү эркек кызыктырып жатканына акыл калчап көрүңүз. Балким мурда бирөөдөн көңүл калып, азыр бир жигиттин мыйзамдуу, жашоосундагы жалгыз аялы болуудан чочулап жаткандырсыз. Балким башы башка аялга байланган эркексиз деле өз алдыңызча жаңы жашоо баштоого алыңыз жететтир.

Мындай кеңештерден кийин дагы чечим кабыл ала албасаңыз, психолог менен көзмө-көз кезигип сүйлөшүп көрүңүз.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg mailto: news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0