БИШКЕК, 10-ноя. – Sputnik. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.
![Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104193/87/1041938788_0:77:2105:1400_600x0_80_0_0_1b7b421c8a94ba9f4e5f44b9642d64bc.jpg)
![Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104193/87/1041938793_0:42:1895:1233_600x0_80_0_0_c56adfe9fe82cfb4265def93c659bd40.jpg)
![Жаны конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген. Жаны конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104193/88/1041938804_0:37:2105:1360_600x0_80_0_0_dcfa62e81bc6d89d515e998a56625944.jpg)
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган.
“Жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген. Бүгүн болсо Чолпонбаевдин ысымы жазылган стела тургузулуп, жалпы конуш тургундарына маркум эл өкүлүнүн бир туугандары тарабынан жашоочуларга боз уй белекке берилди”, — деди Айтбаев.
Улан Чолпонбаев 1977-жылы Фрунзеде дарыгердин үйүндө туулган. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген.
2017-жылы 11-ноябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.