Болотбековдун стили — экспрессионизм жана авангард, тагыраагы, сүрөттөрү реалдуулук менен портреттик ыкмадан алыс. Эгер өнөрпоздун эмгегине кызыксаңыз, 30-ноябрга чейин борбордогу Тоголок Молдо көчөсүндө ачылган сүрөт көргөзмөсүнө барсаңыз болот.
Болотбеков талантын кагазга гана түшүрбөстөн, тасмаларда киносүрөтчүлүк жана графикалык дизайнер кызматын да аткарат. "Салам, New York", "Президент жана бомж ", "Сагын", "Напарниктер", "План Б", "Апамды издеп", "Айыл Кэмп", "Дарак ыры", "Көкбөрү" жана башка кинолордо эмгектенген.
— Сүрөтчүлөрдүн үй-бүлөсүнөн чыккансызбы?
— Ысык-Көлдүн кулунумун. Үй-бүлөм карапайым адамдар. Туугандарым "сен кайдан чыккансың, бизде сүрөтчүлөр жок эле" дешет. Бала кезден эле кагаз менен калем кармадым. 7-классымдан тарта борбордогу Тургунбай Садыков атындагы сүрөтчүлөр мектебинде билим алып, кайра эле ошонун училищесинин дизайнер бөлүмүн бүтүрдүм. Беш жыл КГУСТАнын живопись факультетинде окудум. Заманбап искусство мектебинде бир жыл билим алдым.
— Бала кезиңизде кандай сүрөттөрдү тартчу элеңиз?
— Ысык-Көлгө абдан таасирленсем керек, ысык-суукка карабай жээкке отуруп алып акварель (сууга эзме боёк — ред.) менен көлдү тарта берчүмүн. Эсимде, ызгаар түшкөндө колумду топу менен каптап алар элем. Досторум өтүп баратып "эмне эле сүрөтчү болуп атасың" деп тамашалап, мага "Айвазовский", "Левитан" (океандарды көп тарткан адамдар) деп ат коюп алышкан. Азыр деле суу, дарыя, тоо-ташка жан дүйнөм жакын.
— Агезде өткөн-кеткендерге сүрөттөрүңүздү сатчу белеңиз?
— Мен бала кезде эч ким көрбөгөн жактарга, эң жакшысы талаага барып тартканды жакшы көрчү элем. Студент кезимде каникулга барганда тарткан сүрөттөрүмдү чет өлкөлүктөргө 400-500 сомго бергеним эсимде.
— Сүрөтчүлүк өнөр менен качан каражат таап баштадыңыз?
— Учурда эркин сүрөтчү, дизайнер, кино койгон сүрөтчүмүн. Социалдык долбоорлор менен иштешем. Мындайча айтканда, бир нече каржы булагым бар. Каражат үчүн сүрөт тарта берсең, жан дүйнөңө азык табылбай калат. Бизде сүрөт сатып алуу, белекке берүү адатка айлана элек. Сүрөтүм арзан болсо да, кымбат болсо да ичим ачышып берем. Ар бири балаңдай эле болуп калат экен. Бай болсом сатпайт элем. Немис досум бар эле, ошол миң долларга чейин сатып алчу. Негизи үч жүз доллардан өйдө сатабыз.
— Кыйбай жатып араң саткан сүрөттөрүңүздү эстеп көрсөңүз.
— Көргөзмөлөрдүн биринде "Колуктунун гүлдестеси" аталышындагы сүрөтүмдү койгом. Ал болгону 3-4 сааттын ичинде жаралса да өзүмө абдан жаккан. Таанышым "министрдин аялы жараткан эмгегиңди жактырып калыптыр, сатпайсыңбы" деп келиптир. Жок дегенде 1-2 айдан кийин албайсыздарбы десем, айтканынан кайтпай койду. Ал гана эмес, көргөзмө бүтө электе бер дегенинен колуна карматтым. Ичим эңшерилип эле калып калдым. Негизи сүрөтүмдү үйүнө алып барып ардактап илип алгандарга сүйүнөм, чаң баскан жерге таштап койсо көңүлүм ооруйт.
— Министрдин аялы анан канча акчага сатып алды?
— 200-300 доллардай болсо керек. Мага чындыгында кандай адам сатып ала турганынын айырмасы жок.
— Психологдор адамдын тарткан сүрөтүнөн жан дүйнөсүн билсе болот деп айтыш жүрүшөт. Сиздин жүрөк түпкүрүнөн чыккан сүрөтүңүз кайсыл болду?
— Ар бир сүрөтүмдүн чакан тарыхы бар. Алар кимдир бирөөгө болгон сезим, жек көрүү же айлана-чөйрөгө болгон мамиле болушу ыктымал.
2010-жылдагы Ош коогалаңында жаралган "Бийликтин эшелону" ("Эшелон власти") аталышында сүрөт бар. Башында мүйүзү бар, костюмчан кишини канга окшоп агып турган боек менен тарткам. Анда кырсыкка бийликтегилердин тиешеси бар деген ой камтылган.
"Булактар" (Истоки) деген сүрөтүм бар. Андан чачы эки капталга бөлүнгөн жылаңач кызды көрүүгө болот. Бир жак чачында кадимки курак, экинчисинде жер жүзүнүн картасы тартылган. Кыз киши чет мамлекетке турмушка чыгып кетсе келбей калышы ыктымал, эркек бала кайтып келет деп ойлойм. Бирок кайда жүрбө, өзүңдүн тарыхыңды унутпа деген асыл ойду берейин дегем. Анткени баланы курак сыяктуу ата-энеси ошол деңгээлге жеткирет эмеспи.
— Ал сүрөттү жаратууга эмне түрткү берди?
— Тааныш кызым Европага кеткен. Бир ирет сүйлөшүп отурсак, Кыргызстанга келбейм, келечегимди сырттан көрүп жатам дейт. Ал гана эмес, колун сураган адамы бар экен. Ал кыздын тагдыры кийин кандай болот деп ойлонуп жүрдүм, мен ага дос катары күйдүм. Кыязы сүрөт ошондон жаралды окшойт.
— Кайсы бир кызды чын жүрөктөн жактырып калып сезимдерди сүрөткө түшүргөн да учурларыңыз болдубу?
— Андай сүрөттөрүм толтура. Биз абдан сезимтал келет эмеспизби. Мен сезимдеримди символдор аркылуу берем. Аны ар кандай түшүнгөндөр бар.
"Кат" деген сүрөт эсиме түштү. Анда суунун түбүндөгү бир башкача жандык көзүнө жаш алып калем кармап турганын көрсө болот. Сүйлөшкөн кызым таштап кеткенде жараткам. Бир жолу ишканама келген жазуучу аны көрүп туруп эле жан дүйнөмдөгү абалды айтып берип койгон. Чыгармачыл адам болгон үчүн бири-бирибизди түшүнүштүк окшойт.
"Она" деген сүрөтүм өзүмө абдан жакчу. Мен бир кызды аябай жактырып калгам, бирок эмнегедир экөөбүз бири-бирибизге төп келчү эмеспиз. Ошого таасирленип тарткан болчумун, ал сүрөт убагында француздарга 1000 долларга сатылып кетти. Кийин аны кайталап тарта албай койдум.
— Сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
— Жок, үйлөнө да элекмин. Жумушум көп. Өзүмө, деги эле маданиятыбызга зарыл долбоорду ашыруу менен алектенип жүрөм.
— Тасмалардын сүрөтү менен постерин качантан баштап жарата баштадыңыз?
Киносүрөтчүлүк тууралуу айтсам, биздин кызматсыз тасма тартылбайт. Режиссер, оператор, киносүрөтчү — бир тандем. Сценарийди окугандан кийин анын сүрөтүн ойлонуштурабыз. Башкача айтканда, анын кандай фондо, кандай жерде, ким менен, кандай маанайда тартылышы керектигин айтып беребиз. Режиссерлордон Руслан Акун менен көбүрөөк иштешем. "Салам, New York", "Президент жана бомж ", "Сагын", "Напарниктер", "План Б", "Апамды издеп", "Айыл Кэмп", "Дарак ыры", "Көкбөрү" жана башка кинолордо эмгектендим.
— Жакынкы күндөрү ачылган сүрөт көргөзмөңүз тууралуу кеп кылсак?
— Ойлоп көрсөм, жеке көргөзмө ача элегиме 3-4 жыл болуптур. Бул ирет сүрөттөрүмдү музейде же маданий жайда эмес, борбордогу аллеялардын бирине жайгаштырдым. Себеби элди көбүрөөк тарткым келди. 30-ноябрга чейин барып көрүүгө болот.
— Эмне тууралуу кыялданасыз?
— Искуссто тармагындагы адамдарды Ысык-Көлгө алып барып, 15 метр бийиктикте таштан арт-объект жасаткым келет. Бул ачык асмандагы музей катары эсептелмек. Максаты — ташты иштетүүгө көңүл бурдуруу жана чет элдиктерди искусствобуз менен таанытуу. Кыялымды арт-объектилерди көлдө эле эмес, жети дубанда да ашырмакмын.
— Кимдин сүрөтүн тарткыңыз келет?
— Сүймөнкүл Чокморов менен отуруп сүйлөшкүм келет. Бирок ал мүмкүн эмес. Ошентсе дагы сүрөтүн тартсам дейм. Ага биздин деңгээл жете элек го…