БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыпов менен анын өлүмүнө шектелип жаткан киши окуя болор күнү чогуу жүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
![Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104204/61/1042046142_0:0:680:848_600x0_80_0_0_6e590f045cfece3a891ad2a38f89cc38.jpg)
"Прокурор башка катуу нерсе менен чапкандан каза болгон. Балким таш менен ургандыр. Азыр ал мас, соолукканда суракка алынат. Анын прокурор менен жүргөнүн кечээ көрүшкөн", — деп ИИМден маалымдашты.
Айрым ЖМКлардын жазышынча, шектүү Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгында иштейт. Бирок бул маалыматты ИИМдин маалымат казыматы тастыктаган жок.
Прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдо табылган.
Баткен облустук ИИББдеги ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, Анарбай Мамажакыповду алгач сабап, андан кийин атып өлтүрүшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.