БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Известия" басылмасы адамга күч-кубат берип, бир күн кечке сергек жүрүүгө шарт түзүүчү азыктардын тизмесин жарыялады.
Диетологдор жаңы ойгонгондо авокадо жеп коюуну сунуштайт. Жемиштердин арасынан энергия менен камсыздоочу негизги булактардын бири — банан. Чайга кара шоколад, ал эми кечки тамак үчүн салатка ашкөк жана башка жашылчалардан жакшылап сээп коюу керек.
Эгер денеңиз гана эмес, акыл-эсиңиз да алсыз болуп жатса, кызыл кызылчадан көбүрөөк жеңиз. Бул жашылча мээдеги кан айланууну жакшыртат. Суу ичкенди дагы унутпаш керек. Анын жетишсиздиги уйкуну келтирет.