Sputnik Кыргызстан жолугушууга келген кыргыз өкмөтүнүн экс-жетекчилеринин жолугушуудагы сүрөттөрүн жарыялайт. Фотолор президенттин маалымат кызматына, Султан Досалиевге таандык.
Мамлекет башчы келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүп жатканын белгиледи.
"Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек", — деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги — бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр экенин кошумчалады.
Буга чейин Жээнбеков 40ка чукул өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен жолуккан.
![Кыргызстандын 2-премьер-министри менен президент Сооронбай Жээнбеков. Чыңгышев мындан 26 жыл мурда өкмөт башчылык тизгинди колуна алган. Кыргызстандын 2-премьер-министри менен президент Сооронбай Жээнбеков. Чыңгышев мындан 26 жыл мурда өкмөт башчылык тизгинди колуна алган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/28/1042082876_0:0:2480:1592_600x0_80_0_1_fb7a65c8b8365b222bab7039012edf81.jpg)
![Кыргызстандын тарыхында эң көп иштеген премьер-министр Апаc Жумагулов жолугушууга келген 9 экс-өкмөт башчынын бири болду Кыргызстандын тарыхында эң көп иштеген премьер-министр Апаc Жумагулов жолугушууга келген 9 экс-өкмөт башчынын бири болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/28/1042082883_0:0:2480:1651_600x0_80_0_1_384a384cf46f67c406950166eb87112d.jpg)
![Кыргызстандын 4-премьери Кубанычбек Жумалиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандын 4-премьери Кубанычбек Жумалиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/28/1042082890_0:0:2480:1723_600x0_80_0_1_3e26b9b018cc651a3f0bcd4c273a98a0.jpg)
![Кыргыз өкмөтүн 1999-2000-жылдары башкарган Амангелди Муралиев менен президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өкмөтүн 1999-2000-жылдары башкарган Амангелди Муралиев менен президент Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/28/1042082895_0:0:2480:1689_600x0_80_0_1_5539c87606bc1f9af13a25d54aeb9414.jpg)
![Удаа премьер-министр болгон аткаминерлер. Феликс Кулов жетекчилик тизгинди Азимбек Исабековго өткөрүп берип, ал кыргыз өкмөтүн болгону бир ай башкарган. Удаа премьер-министр болгон аткаминерлер. Феликс Кулов жетекчилик тизгинди Азимбек Исабековго өткөрүп берип, ал кыргыз өкмөтүн болгону бир ай башкарган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082902_0:0:2480:1599_600x0_80_0_1_630fac1ac715f619ec600ac2d34b864d.jpg)
![Кыргызстандын 6-премьер-министри Амангелди Муралиев Кыргызстандын 6-премьер-министри Амангелди Муралиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082907_0:0:2480:1651_600x0_80_0_1_b2055e34f07ba7c55ecb90fc619134b6.jpg)
![Кубанычбек Жумалиев, Турсунбек Чынгышев жана Апас Жумагулов Кубанычбек Жумалиев, Турсунбек Чынгышев жана Апас Жумагулов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082914_0:0:1860:1165_600x0_80_0_1_ff2e37835bd46267c2d2bc6d9f2c7cc9.jpg)
![Уй мүйүз тартып отурган береги адамдар кыргыз өкмөтүн башкарып, өлкөнүн өнүгүшүнө, туруктуулугуна жоопкер болгон адамдар. Булардын арасында майнаптуу реформа жүргүзүп, элдин эсинде көпкө сакталып калгандар болгон жок Уй мүйүз тартып отурган береги адамдар кыргыз өкмөтүн башкарып, өлкөнүн өнүгүшүнө, туруктуулугуна жоопкер болгон адамдар. Булардын арасында майнаптуу реформа жүргүзүп, элдин эсинде көпкө сакталып калгандар болгон жок - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082920_0:0:1860:1101_600x0_80_0_1_cc06a54f0527c50f04a470ae4e747a64.jpg)
![Сүрөттөгү береги эки адам да удаа өкмөт башчы болгондор. Жоомарт Оторбаев министрлер кабинетинин жетекчилик кызматын 2015-жылы жазында Темир Сариевге тапшырган. Сүрөттөгү береги эки адам да удаа өкмөт башчы болгондор. Жоомарт Оторбаев министрлер кабинетинин жетекчилик кызматын 2015-жылы жазында Темир Сариевге тапшырган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082925_0:0:2480:1597_600x0_80_0_1_1973e20b4080267bd95b68e63c9537ef.jpg)
![Бир кездеги эки өкмөт башчы. Президент Жээнбеков премьерликтин тизгинин 2016-жылдын апрель айында Темир Сариевден алган. Бир кездеги эки өкмөт башчы. Президент Жээнбеков премьерликтин тизгинин 2016-жылдын апрель айында Темир Сариевден алган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082930_0:0:2480:1627_600x0_80_0_1_69a9cc3a0eebcb3e8dca87319503a678.jpg)
![Экс-премьер-министрлер менен жолуккан президент Жээнбеков алардын Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкандыгын айтты. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек, — деди президент. Экс-премьер-министрлер менен жолуккан президент Жээнбеков алардын Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкандыгын айтты. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек, — деди президент. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104208/29/1042082935_0:0:1860:1164_600x0_80_0_1_086dfcd5d1d84413017109108af16e1e.jpg)