БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
![Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104216/59/1042165900_0:51:4256:2726_600x0_80_0_0_d723a8c98f74a9e39c7156fc1c3a5004.jpg)
![Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин карашмакчы. Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин карашмакчы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104216/59/1042165905_0:179:3506:2383_600x0_80_0_0_9566e057e66dd00b41cf1215f437a1ba.jpg)
Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин карашмакчы.
Мындан тышкары, иш сапар алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктын ачылышына катышат.
Буга катар премьер-министр Белорус жогорку технологиялар паркына, "Беларусь ГС1" Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, "Великий камень" индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.
Премьер-министрди онго жакын аткаминер коштоп кетти. Арасында депутаттар дагы бар.