![Кыргызстанда бир үй-бүлөдө канча киши жашайт Кыргызстанда бир үй-бүлөдө канча киши жашайт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104296/50/1042965062_0:0:0:0_600x0_80_0_0_55f232cdf987d542172305316ae6e38d.png)
Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн кайсы аймагында очор-бачар болгон үй-бүлө көп экенин аныктады. Ведомствонун маалыматына караганда, рейтингдин алдыңкы сабында Ош облусу турат. Орточо сатистика боюнча анда бир үй-бүлөдө алты адам жашайт.
Экинчи орунда Баткен облусу, бул аймакта бир үй-бүлөдө 4,5 адам бар. Үчүнчү орунда Талас облусу — бир үй-бүлөгө 4,8 адам туура келет.
Тизменин акырында Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаары.
Эң кичинекей үй-бүлөлөр борбор калаада жашайт — бир үй-бүлөгө үч же андан аз адам туура келет.
Кыргызстандын аймагында бир сутканын ичинде кандай окуялар болорун сөзсүз окуп коюңуз.