БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев парламенттин жалпы жыйынында Өзбекстандан Кыргызстанга келип иштеп жаткан эмгек мигранттарына патент системасын киргизүүнү сунуштады.
Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.
Депутаттын ырасташынча, учурда Кыргызстанга ай сайын Өзбекстандын 100 миңге жакын жараны кирип-чыгып жүрөт.
"Коңшу өлкөдөн кирген мигранттардын саны болжолдуу түрдө 100 миңдин тегерегинде. Биздикилер Россияга барганда патент менен иштейт. Биз деле 100 миңге жакын эмгек мигранттарына патент берсек болот. Мен бул тууралуу Миграция кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алар да туура көрдү. Эгер бир айда 500 сомдун тегерегинде коё турган болсок, 50 миллион сом түшүп турат", — деди депутат.
Эл өкүлү ошондой эле чек арадагылар Кыргызстанга кирип келе жаткандардан 2000-5000 сомдун тегерегинде пара алып коюп жатканын жарандар өздөрү да айтып жатканын кошумчалады.