БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын айлык акысы, спортчуларга берилчү стипендиянын көлөмү көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда жолугушуу бүгүн өткөн. Ага грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты.
![Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104224/02/1042240214_0:67:4007:2587_600x0_80_0_0_edb56bf457100e5b277bd3be5674d21a.jpg)
![Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда жолугушуу бүгүн өткөн. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда жолугушуу бүгүн өткөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104224/02/1042240209_0:0:3439:2162_600x0_80_0_0_2ec0d06acc6f8d52ea032fac982a7057.jpg)
![Ага грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты. Ага грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104224/02/1042240204_0:42:3699:2367_600x0_80_0_0_7745acbe93101235b8c164d16870db51.jpg)
![Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы (Япония) жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлө турганын кошумчалады. Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы (Япония) жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлө турганын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104224/01/1042240199_0:65:3547:2296_600x0_80_0_0_d9fc62e1e473ffe3dd53e37e6f451b8e.jpg)
![Абылгазиев спортчуларга ийгилик каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды. Абылгазиев спортчуларга ийгилик каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104224/02/1042240219_0:157:4256:2832_600x0_80_0_0_a847228dc50995cda18579de7bb3fae8.jpg)
"Дүйнөлүк аренадагы жеңишиңиздер менен сыймыктанабыз. Бул ийгилик, албетте, талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында келди. Таймаштар дүйнөлүк алдыңкы спортчулардын катышуусунда катаал шартта өттү. Сиздердин жыйынтыгыңыздар биз үчүн Оюндардагы жеңишке тете", — деди премьер-министр.
Абылгазиев спортчуларга ийгилик каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды.