Ал жерге Умар Мажитов чачтын кыркындысынан тарткан ар кандай сүрөттөрүн жана Чыңгыз Айтматов, Исхак Раззаков, Сүймөнкул Чокморов, Саякбай Каралаев сыяктуу Кыргызстандын жана дүйнөнүн көрүнүктүү инсандарынын портретин алып келген. Арасында президент Сооронбай Жээнбековдун да сүрөтү бар.
Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Умардын таланты тууралуу материал жасагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Муну сүрөтчү өзү да белгилеп, көргөзмө уюштурууга ошол макала жана элдин колдоосу чоң стимул болгонун айтты.
"Бул жерге 24 сүрөтүмдү алып келип, эл сынына койдум. Негизи 6 айдан кийин уюштурууну пландаган болчумун. Сиздердин колдооңуздар мага чоң дем берип, бир айдын ичинде даярдоого жетиштим. Мындан ары дагы ушул искусство аркылуу эл аралык сынактарга катышайын деген ойлорум бар", — деди Мажитов.
Ошондой эле ал тарткан портреттерди 100 долларга чейин баалап сатып алууга кызыккандар болгонун айтты.