00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эмчи Зайналиев дарылаган наристе оор абалда. Министрлик күч органдарына кайрылат

© AFP / DOMINICK REUTERШприц. Архивдик сүрөт
Шприц. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомство 2016-жылы эмчи-домчунун дарылоосунан кийин 56 жаштагы аял каза болгонун эскертти.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги эмчи-домчу Хашим Зайналиевге чара көрүүнү суранып күч органдарына кайрылат. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Буга чейин ЖМКлар Зайналиевден "дарыланган" беш жаштагы кыз ооруканага оор абалда түшкөнүн жазып чыгышкан. Наристе ак кан менен жабыркап келет. Эмчи аны "толугу менен жакшы кылам" деп кепилдик бергени айтылган. Ал эми кыздын ата-энеси милицияга арыз жазган эмес.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жарандар "Зайналиевдин ишине бөгөт кое албайсыңар" деп министрликти айыптап жатат.

Ведомство 2016-жылы эмчи-домчунун дарылоосунан кийин 56 жаштагы аял каза болгонун эскертип, Зайналиевдин медициналык билими жана ишмердүүлүгүнө уруксат берген лицензиясы жок экенин белгилейт. Ошол учурда аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, бирок октябрь айында ал кайра токтотулган.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуядан кийин укук коргоо органдарына бир нече ирет арыз жазып, 2017-жылы Зайналиевдин Көк-Жар конушундагы клиникасы жабылган.

"Бирок бүгүнкү күндө Зайналиев бейтаптарды дарылоосун кайрадан улантып жатат", — деп министрликтен маалымдашты.

Эми ведомство Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, Мамлекеттик салык кызматына кайрылып, Зайналиевди жоопко тартууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0