БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн, 8-декабрь күнү, кыргыз телевидениесине 60 жыл толду. 1958-жылы ушул күнү көгүлтүр экранга эң биринчи телеберүү чыккан.
![Бүгүн, 8-декабрь күнү кыргыз телевидиниесине 60 жыл болду Бүгүн, 8-декабрь күнү кыргыз телевидиниесине 60 жыл болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104233/70/1042337010_0:235:6015:4016_600x0_80_0_0_859493c167c03d23b6b73b58fee07c6d.jpg)
![Мунун урматына телеканал быйыл жыл бою ар кандай иш-чараларды өткөрүп келген. Ал эми кечээ, жума күнү жыйынтыктоочу салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү Мунун урматына телеканал быйыл жыл бою ар кандай иш-чараларды өткөрүп келген. Ал эми кечээ, жума күнү жыйынтыктоочу салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104233/69/1042336995_0:0:6015:3780_600x0_80_0_0_a3c84573c8b7b2986aefa3cce9f21979.jpg)
![Ага теленин ардагерлери, учурдагы кызматкерлери, өнөктөштөрү, КР президентинин, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты Ага теленин ардагерлери, учурдагы кызматкерлери, өнөктөштөрү, КР президентинин, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104233/70/1042337000_0:33:4996:3174_600x0_80_0_0_b8caaa3f0c62709b78c9bb74624f022e.jpg)
![Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу дагы кесиптештерди бул майрамы менен куттуктап, КТРКга мындан ары да өнүгүп-өсүүнү каалайт. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу дагы кесиптештерди бул майрамы менен куттуктап, КТРКга мындан ары да өнүгүп-өсүүнү каалайт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104233/70/1042337005_1562:1047:6016:4016_600x0_80_0_0_23a55045762a5484ded264d2d0a874e8.jpg)
Мунун урматына телеканал быйыл жыл бою ар кандай иш-чараларды өткөрүп келген. Ал эми кечээ, жума күнү, жыйынтыктоочу салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү.
Ага теленин ардагерлери, учурдагы кызматкерлери, өнөктөштөрү, КР президентинин, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты.
КТРКнын башкы директору бул бир гана каналдын эмес, жалпы кыргыз элинин майрамы экенин баса белгиледи.
"Кыргыз телесинин калыптанышына салым кошкон ар бир ардагерибизге терең ыраазычылык билдирем. Бүгүн КТРКнын ичинде 6 телеканал, 5 радио бар. Бул биздин келечек муунга таштап кете турган мурасыбыз. Биздин кызматкерлер каада-салттын, маданиятыбыздын, тарыхыбыздын сакталып калышына жан үрөп, өлкө башынан өткөн бардык жакшы жана кайгылуу учурларды өз жүрөгүнөн өткөрөт", — деди Карыпбеков.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу дагы кесиптештерди бул майрамы менен куттуктап, КТРКга мындан ары да өнүгүп-өсүүнү каалайт.