БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги боюнча арызын жазды. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Кечээ, 15-декабрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетиши керектигин айткан.
![Бул жерде уялбай отурат! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу Бул жерде уялбай отурат! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104243/77/1042437798_0:0:1920:1080_600x0_80_0_0_d3f7448174ab6222f7235cb2ad15bef7.jpg)
Жээнбеков кеңеш өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп, эгерде орун басары пара үчүн кармалса, кызматтан эбак эле кетип калмактыгын айткан.
Өкмөттүн маалымат кызматы Жамшитбек Калиловдун арызы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан президент Сооронбай Жээнбековго киргизилгенин тастыктады.
"Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматынан кетүү боюнча арызын жазды. Буга байланыштуу премьер-министр президентке Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди", — деп айтылат маалыматта.
Жусубалиев узундугу 69,7 чакырым жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп чыгып, келишим түзүлгөн.
Салына турган жол Нарын облусунун Жумгал району аркылуу өтө турган Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасынын бир бөлүгү. Башкууганды (мурдагы Дыйкан) айылынан башталып, аягы Ак-Учук (мурунку Эпкин) айылынан бүтөт.