БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен чымчыктардын саны көбөйө баштады. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ведомство "Хан Теңири" жаратылыш паркы менен "Ысык-Көл" коругуна коюлган фотокапкандардан сүрөттөрдү алды.
![Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен чымчыктардын саны көбөйө баштады. Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен чымчыктардын саны көбөйө баштады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498849_303:0:2533:1402_600x0_80_0_0_ff14bd7ab243b380598b1b28f8bc81dd.jpg)
![Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498874_0:89:1454:1003_600x0_80_0_0_d7882c0bcbc2bf44592d20d424f8489f.jpg)
![Фотоловушки в природном парке Хан Тенири и заповеднике Иссык-Куль Фотоловушки в природном парке Хан Тенири и заповеднике Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498844_0:176:3958:2664_600x0_80_0_0_c739ae2dc3a94eb8aabd08670c74e733.jpg)
![Ведомство Хан Теңири жаратылыш паркы менен Ысык-Көл коругуна коюлган фотокапкандардан сүрөттөрдү алды. Ведомство Хан Теңири жаратылыш паркы менен Ысык-Көл коругуна коюлган фотокапкандардан сүрөттөрдү алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498859_0:107:1790:1232_600x0_80_0_0_3fce6ee591225e9d3f98a2fe7df58edb.jpg)
![Ысык-Көл коругунан 300гө жакын өсүмдүк, Кызыл китепке киргизилген 200дөй чымчык жана 25 жаныбардын түрүн көрүүгө болот. Ысык-Көл коругунан 300гө жакын өсүмдүк, Кызыл китепке киргизилген 200дөй чымчык жана 25 жаныбардын түрүн көрүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498868_0:133:2020:1404_600x0_80_0_0_ce946099723aa79e71af9d5919cd07a8.jpg)
![Жыл сайын Кыргызстанга канаттуулардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бирок мурда жапайы жан-жаныбарларды, өзгөчө ак илбирсти көрүү татаал болуп калган. Жыл сайын Кыргызстанга канаттуулардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бирок мурда жапайы жан-жаныбарларды, өзгөчө ак илбирсти көрүү татаал болуп калган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498884_0:111:1456:1026_600x0_80_0_0_79c5a2995adf0c84c0fdddf57c9b60ba.jpg)
![Ал эми Хан Теңири жаратылыш паркында Кызыл китепке кирген чымчыктардын 200, жаныбарлардын 25 түрү бар. Ал эми Хан Теңири жаратылыш паркында Кызыл китепке кирген чымчыктардын 200, жаныбарлардын 25 түрү бар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104249/88/1042498879_0:105:1612:1119_600x0_80_0_0_3bc27be86510b809d483a2892d7bbccf.jpg)
"Ысык-Көл" коругунан 300гө жакын өсүмдүк, Кызыл китепке киргизилген 200дөй чымчык жана 25 жаныбардын түрүн көрүүгө болот.
"Сүрөттөрдү көрүп таң калдык. Андан сейрек кездешип калган жаныбарлар менен канаттуулардын көбөйүп калганын байкоого болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыл сайын Кыргызстанга канаттуулардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бирок мурда жапайы жан-жаныбарларды, өзгөчө ак илбирсти көрүү татаал болуп калган.
"15 жыл мурда ак илбирс жоголуп кетүү коркунучуна кептелсе, азыр анын популяциясы калыбына келип калды деп айта алабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми "Хан Теңири" жаратылыш паркында Кызыл китепке кирген чымчыктардын 200, жаныбарлардын 25 түрү бар.