00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президенттер, элдешкиле! Депутаттын Атамбаев менен Жээнбековго кайрылган видеосу

Жазылуу
Депутат Жээнбековго кайрылып, Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры наамын берүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековду ынтымакка чакырып, кайрылуу жасады.

Ал келген президент менен кеткен президенттин мамилеси боюнча пикирин билдирип коюуну туура тапкандыгын айтты.

"Кайрылуумду улуулата баштасам. "Манаста" "бөлүнбө кыргыз" деген сөз айтылган эмеспи. Бүгүн бул баалуулуктарды кармабай калдыкпы? Бизге бүгүн өзүңүз айткан Абыке, Көбөштүн кылган бузукулук иштерин аныктап, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарбайлыбы. Бул келген жана кеткен президенттердин колунда".

Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Атамбаев. Эки эрендин эрегиши эмнеге алып келет? Пикирлер
Рысалиев мурдагы президент Атамбаев алты жыл бою өлкөнү татыктуу башкарганын айтып, эми эки чылбыр, бир тизгинди азыркы президент Жээнбековго өткөрүп берүүнү суранды.

"Сиз кезегинде эң жакшы иштерди жасадыңыз. Аккуланы берип, ага жаңы келген президентти мингизип, бирок эки тизгин бир, чылбырды бербей жатканыңыз кандай болот, Алмаз Шаршенович? Бул сиздин айкөлдүгүңүз эмес го. Бул туура эмес болгонсуп жатат. Камчысын, батасын да бербейсизби. Кечүү тандап калдыңызбы, бийигирээк болбойсузбу…" — деген депутат.

Ал эми Жээнбековго кайрылып, Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамын берүүнү сунуштаган.

"Сиз алдыңкы алты жыл ичинде кыргыздарга Манас ордуна Манас болуш үчүн келдиңиз. Бул убакыт ченемдүү, көз ачып жумганча өтүп кетчү нерсе. Бүгүн жакшы иштерди баштадыңыз. Коррупция менен күрөшүүдө жакшы иштерди жасап жатасыз… Алмазбек Шаршеновичке Указыңыз менен айткан сөзүңүз бар эле, балким, ошону орундатарсыз. Жаңы жылда аны чакырып алып, төшүнө төшүңүздү тийгизип, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамын ыйгарат чыгарсыз. Бири-бириңерди кечиргенге мезгил келип жетти го. Муну элдин баары күтүп жатат", — деген.

Буга чейин Атамбаев Жээнбеков менен элдешүү үчүн кандай аракет кылганын айткан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бир гана нерсеге өкүнөм...
"Албетте, бул чыр-чатактын эч ким кереги жок болчу. Улуу болгонум менен жыл башында бир топ кишини ортого салдым. Уялбай эле ачык айтайын", — деген экс-президент.

Атамбаев буга чейин бийликке, Сооронбай Жээнбековго сунуш катары айтылган пикирлери эске алынбай, азыркы бийлик коррупция менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүп, саясий оппоненттерди жок кылуу менен алектенип жатат деген оюн айткан жайы бар.

Ал эми кийинчерээк президент Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берген. "КСДПнын съезди учурунда мени коррупция жана ТЭЦтеги авария боюнча күнөөлөдү", — деген ал.

Жээнбеков 2009-жылы президенттике КСДПдан талапкер болуп чыккан Атамбаевдин штабын жетектегенин, ошол учурдагы режимден коркуп аны колдогондор жокко эсе болгонун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0