00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жумгалда 4 жашар кыз зордукталып, жети жашар бала менен аял муунтуп өлтүрүлгөн

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭркек адамдын колу. Архив
Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү делип 29 жаштагы тургун кармалды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аял жана анын эки небереси өлтүрүлүп, өрттөлгөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 21-декабрь күнү Жумгал райондук нөөмөт бөлүмүнө "Көк-Ой айылында өрт чыгып, бир үй-бүлө каза болуптур" деген маалымат түшкөн.

Убийство семьи в селе Кок-Ой Жумгальского района Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган айылдагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн каза болгон 47 жаштагы аялдын жана анын эки небересинин — 4 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылган. Аталган факт боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык, биологиялык, химиялык, гистологиялык, дактилоскопиялык, криминалистикалык, медициналык экспертизалар дайындалган.

"Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө 47 жаштагы аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жаштагы кыздын зордукталгандыгы аныкталган", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып көрсөтмө берген.

Шектүүнүн айтымында, ал 47 жаштагы аял менен 20-декабрда түнкү саат 11лерге чейин спирт ичимдигин ичкен.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талаага ташталган 1,5 жаштагы бөбөктүн ата-энеси табылды. Окуянын чоо-жайы
"Аял мас болуп калганда үйдүн төркү бөлмөсүнөн уйкудан ойгонуп калган төрт жашар кызды күч колдонуп зордуктаган. Жанында уктап жаткан жети жаштагы бала ойгонуп кеткендиктен аны колу менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң кызды да тумчуктуруп өлтүрүп, кийин конок бөлмөдө мас абалында уктап жаткан аялды да муунтуп салган. Кылмышты жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен чокторду алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына от коюп качып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

29 жаштагы жаран Жумгал райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0