БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиционердин уулуна жаңы жылдык белек берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, кичинекей балдар калаа башчысына кат жазышкан. Мэр алардын баарын окуп чыгып, белектерин тапшырды.
![Кичинекей балдар калаа башчысына кат жазышкан. Кичинекей балдар калаа башчысына кат жазышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104268/89/1042688920_0:84:1224:854_600x0_80_0_0_275b0de7a18f0e8f3f5a5607719d1236.jpg)
![Мэр алардын баарын окуп чыгып, белектерин тапшырды. Мэр алардын баарын окуп чыгып, белектерин тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104268/89/1042688915_110:0:1199:684_600x0_80_0_0_a99d6272ed09cc964d4b69d83a61e009.jpg)
![Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарга жаңы жылдык белек берди. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарга жаңы жылдык белек берди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104268/89/1042688927_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_0bbc675285407e8cfb2e528272a40b47.jpg)
![Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарга жаңы жылдык белек берди. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарга жаңы жылдык белек берди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104268/89/1042688932_0:0:1279:804_600x0_80_0_0_fc4814e87c49d3e618d774aab4802a43.jpg)
Алардын арасында 2011-жылы кылмышкерлердин колунан набыт болуп, кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган милиционердин сегиз жаштагы уулу Азимхан дагы бар. Ал Азиз Суракматовго мындай деп жазган:
"Мага мэр Аяз атанын чабарманы экенин айтышып, каалоолордун бардыгын аткарат дешти. Мен үй-бүлөмдү жана классташтарымды сүрөткө тартыш үчүн телефон алгым келет", — деп окуучу катка жазган.
Мэр анын тилегин орундатып, сураган белегин тапшырды.
Мындан сырткары, 10 жаштагы Омар апасына кир жуугуч машина сураса, 2-класстын окуучусу күн системасы жөнүндө энциклопедия сураган. Калаа башчы алардын дагы тилегин орундатып, балдарды кубанычка бөлөдү.