БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын түнүндө төрт киши каза тапкандыгын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жалпы жонунан Тез жардам кызматына жарандар 333 ирет кайрылган.
"Ак халатчандар "Ала-Тоо" аянтына эле 12 ирет барган. Бир киши жүрөгү кармап ооруканага жаткырылды", — деп айтышты министрликтен.
Мындан сырткары, Бишкек шаары боюнча төрт киши каза тапкан жана үч жол кырсыгы болгон.