00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президенттин аппараты Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн карап жатат

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЖогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архивное фото
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырайым этүү өтүнүчүн атайын комиссия карап чыкмакчы.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президенттин аппараты Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн карап жатканын өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Өтүнүч экс-президент Роза Отунбаева тарабынан келтирилген. Анын айтымында, "Текебаевдин иши саясий буйрутма экени башынан эле баарына белгилүү болгон". Демилгени Жогорку Кеңештеги алты фракциянын тең жетекчилери колдоого алган.

Стамалиева өтүнүчтү президенттик аппараттын тийиштүү бөлүмү карап чыккандан кийин кайра атайын комиссия иликтей турганын айтып берди. Анын айтымында, эгер сунуш жеке тараптар тарабынан берилсе, эки жумада, ал эми юридикалык жак демилгелесе, бир айдын ичинде каралат.

Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты
"Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери тууралуу" мыйзамы боюнча өтүнүчтү карай турган комиссияны президент түзөт, ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

Материалдын баарын карап чыккандан кийин комиссия президентке ырайым кылуу боюнча сунуш киргизет же аны четке кагат. Четке кагылган учур тууралуу президент да кабардар болушу зарыл.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында соттук чечимдерге кийлигишүүгө укугу жок экенин, бирок Текебаев кайрылса ырайым кыла ала турганын айткан. Ал эми абактагы саясатчы ырайым кылууну өтүнбөй турганын билдирген.

Ырайым кылуу процедурасын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан толук билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0