БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында кишилер митингге чыкканын кабарчыбыз жеринен билдирди.
Анын айтымында, митинг түштөн кийин башталып, 200дөй киши чогулган. Топтолгондор талаптарын айтышкан жок, бирок кыйкырган сөздөрүнөн Кытай экспансиясына каршы экенин угууга болот.
![Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында кишилер митингге чыкты Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында кишилер митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104275/34/1042753456_0:357:3936:2831_600x0_80_0_0_8193802f77955369aaea0dc7aff9e4ab.jpg)
![Митинг түштөн кийин башталып, 200дөй киши чогулган. Митинг түштөн кийин башталып, 200дөй киши чогулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104275/34/1042753467_0:337:4000:2852_600x0_80_0_0_327092042dd26eb0f0816d6a3c7d2a0b.jpg)
![Топтолгондор талаптарын айтышкан жок, бирок кыйкырган сөздөрүнөн Кытай экспансиясына каршы экенин угууга болот. Топтолгондор талаптарын айтышкан жок, бирок кыйкырган сөздөрүнөн Кытай экспансиясына каршы экенин угууга болот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104275/34/1042753443_0:413:3406:2555_600x0_80_0_0_be219a0c1d919554231727e638e0717d.jpg)
![Митинг болгон жерде коомдук тартипке беш милиция кызматкери көз салууда. Митинг болгон жерде коомдук тартипке беш милиция кызматкери көз салууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104275/34/1042753461_0:338:3605:2605_600x0_80_0_0_94ea49eddfe5033eee910841a1dbf210.jpg)
"Митингди ким уюштурганын жана эмнеге чогулушканын айрымдары өздөрү билишпейт. Чогулгандар азыр "Ош" базарындагы таксисттер дагы келерин, андан сырткары, Ысык-Көл менен Таластан да кишилер келе жатканын айтышууда. Кээси чогулгандардын тароосун суранып, бир нече күндөн кийин кайта чогулууга чакырууда. Айрымдары болсо "эч жакка кетпегиле" деп кыйкырышууда", — деди кабарчы.
Митинг болгон жерде коомдук тартипке беш милиция кызматкери көз салууда.
Белгилей кетсек, 20-декабрда Бишкектеги Кытай элчилигинин алдына 50дөй киши митингге чыгып, "Кыргызстанда жүргөн кытайлардын жарандыгы текшерилсин жана жарандык берилбесин" деген талаптарды коюшкан болчу.