Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абанын булганышын адамзат үчүн эң башкы кооптуулук деп атады. Мындай көрүнүш миң-сандаган адамдын өлүмүнө алып келет. Кишини көзгө көрүнбөй, организмдин иммундук системасын жарып өтүп, өпкөнү, жүрөктү жана мээни жабыркаткан майда бөлүкчөлөр өлтүрөт. Анткени бул дем алуу органдарынын оорусуна алып келип, инсульт, инфаркт жана ракты шарттайт.
Бишкекте онкологиялык оорулар басымдуулук кылып, дем алуу органдарынан жабыркаган жана аллергия өрчүгөн шаарлардын сап башында турат. Экологдор менен биологдор калаа тургундарына респиратор тагынууну же ооз-мурунду марли менен жаап жүрүүнү сунуштап келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков борбор калаанын кооптуу келечегин чагылдырган сүрөттөрүн тартуулайт.
![Суук түшөрү менен Бишкекти кара түтүн каптайт. Көрүнүш жыл сайын кайталанат Суук түшөрү менен Бишкекти кара түтүн каптайт. Көрүнүш жыл сайын кайталанат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104206/15/1042061543_0:0:2000:1124_600x0_80_0_1_8a6680b92462151b60f8e0a919804439.jpg)
![Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамзат үчүн башкы кооптуулук абанын булганышы экенин айтты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамзат үчүн башкы кооптуулук абанын булганышы экенин айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993428_0:0:5200:3471_600x0_80_0_1_0452aca4570ef05ff7f295d5ee5cdaf0.jpg)
![Экологдордун айтымында, буга жер үйлөрдүн от жагышы менен автоунаадан чыккан түтүн себеп Экологдордун айтымында, буга жер үйлөрдүн от жагышы менен автоунаадан чыккан түтүн себеп - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993433_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_179c62140932705e9e2cd8f03bde578f.jpg)
![Борбор калаада башка өлкөлөрдөн келген эски автоунаа көп. Алардан чыккан уулуу газ нормадан бир топ жогору. Борбор калаада башка өлкөлөрдөн келген эски автоунаа көп. Алардан чыккан уулуу газ нормадан бир топ жогору. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993439_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_6fc9564339f56f8ca1c5bdc2e4ea8a12.jpg)
![Экологдор шаарды пландаштыруунун ырааты бузулгандыктан желдетилбей калды деп айтышат. Мурда калаада жашыл зона көп болчу, азыр бул аймактардын көбүнө курулуш түшкөн. Экологдор шаарды пландаштыруунун ырааты бузулгандыктан желдетилбей калды деп айтышат. Мурда калаада жашыл зона көп болчу, азыр бул аймактардын көбүнө курулуш түшкөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993444_0:0:5200:3471_600x0_80_0_1_99989f3f9fc72e1483f92dec6321563c.jpg)
![ТЭЦтин түтүнү да бир топ, бирок экологдордун айтымында, андан да кооптуу нерселер арбын ТЭЦтин түтүнү да бир топ, бирок экологдордун айтымында, андан да кооптуу нерселер арбын - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993455_0:0:4291:2864_600x0_80_0_1_a840720df6d9e108c8cbcddeb3ce2a0a.jpg)
![Абаны мештен чыккан уулуу газ көбүрөөк булгайт экен Абаны мештен чыккан уулуу газ көбүрөөк булгайт экен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993461_0:0:5200:3471_600x0_80_0_1_8288c54b8b0521f4207db2346166f4d8.jpg)
![Таштандыны өрттөө да абаны кирдетет, анткени күйгөн нерсенин көбү уулуу газга айланат Таштандыны өрттөө да абаны кирдетет, анткени күйгөн нерсенин көбү уулуу газга айланат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993467_0:0:4972:3319_600x0_80_0_1_5fc192a3a76e7b754f33a0e6ed123b3b.jpg)
![Кара түтүн дем алуу органдарын жабыркатып, аллергия менен ракты чакырат. Бишкек бул илдеттер боюнча тизменин сап башында турат. Кара түтүн дем алуу органдарын жабыркатып, аллергия менен ракты чакырат. Бишкек бул илдеттер боюнча тизменин сап башында турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104299/34/1042993473_0:0:5200:3471_600x0_80_0_1_206b2beb6c4fb61909269c8e6a46defc.jpg)