БИШКЕК, 25-янв — Sputnik. Бишкекте дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Фархад Асангулов изделип жатканын ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБез вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад
![Без вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад Без вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104303/80/1043038050_0:0:557:773_600x0_80_0_0_f17b3aeaaa03fc2d87a17bed1e5c58ad.jpg)
Без вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Бала 2019-жылдын 24-январынан бери жок болууда.
Өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр, кара тору, дене түзүлүшү орточо. Үстүнө күрөң-жашыл (хаки) түстөгү куртка, ичинен көгүлтүр спорттук кийим, кара-көк джинсы жана кара бут кийим кийип алганы айтылды.
Милиция Фархад Асангуловду көргөн-билгендер болсо 0312) 54-41-84, (0555) 01-17-17, (0555) 10-23-09, (0704) 10-27-02, 102 номерлерине чалып кабарлап коюуну суранышат.