БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. ИИМ узаган жылдын жыйынтыгы боюнча кызматын так аткарбагандыгы үчүн ички иштер органдарындагы 10 жетекчини дисциплинардык тартипте жазалады. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, айрым жетекчилердин иши 2019-жылдын алгачкы кварталында ИИМдин коллегиясы тарабынан каралат.
"Министрликтин чечими менен Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Оштун Чоң-Алай жана Чүйдүн Аламүдүн райондорунун ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин ыкчам-кызматтык иши да каралып, натыйжада алар жумуштан бошомок. Бирок ден соолуктарына байланыштуу суроо кийинчерээк карала турган болду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ИИМдин коллегиясынын чечими менен Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Октябрь Урманбетов ээлеген кызматынан бошотулду.