Жүрөк элжиреткен видео АКШда тартылганын Sputnik Тажикстан жазып чыкты.
Анда көрүнүп тургандай, наристе эжесинин үнүн угуп алгач таң калып, андан соң жыргап, каткырган.
Ымыркайдын апасынын айтымында, 11 айлык Скарлет ара төрөлгөн. Андан соң анын ичегилеринде оор илдет пайда болуп, ымыркайга дарыгерлер антибиотиктерди жазып беришкен. Ошондон улам наристенин кулагы укпай калган.