БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Британиянын полициясы Tinder таанышуу тиркемеси аркылуу алдамчылыкка жана кылмыштарга баруу көбөйгөнүн каттады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Акыркы үч жылда интернеттен таанышкан көңүлдөштөрүнөн жабыркагандардын саны эки эсе өскөн. 2015-жылы укук коргоо органдарына 442 кайрылуу болсо, 2018-жылы алардын саны 1,1 миңге жеткен.
Жергиликтүү бийлик бул маселеге 44 жаштагы Анна Роу аттуу аял Энтони Рэй деген үй-бүлөлүү кишиге алданып калгандан кийин көңүл бура баштаган. Алар Tinder сайты аркылуу таанышкан.
Роу көңүлдөшү жарым жылга жакындаган мамиледен кийин изин жашырып кеткен соң ал башка бирөөнүн сүрөттөрүн профилине жүктөп, өмүр баянын да ойдон чыгарып жазып койгонун билген. Андыктан Роу мамлекетти фейк аккаунттарга каршы чара көрүүнү талап кылган.