00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
С чего стоит начать заниматься ландшафтным дизайном, рассказал садовод
06:05
44 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
07:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Зачем нужна добровольная аттестация учителей?
08:05
44 мин
On air
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Образование послезавтра» - как не потеряться на рынке труда будущего
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат: милиционерлер порно видео таратам деп кыздардан акча талап кылып жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Сагындык Келдибаев
Депутат ЖК Сагындык Келдибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү акыркы кезде милиционерлер катышкан терс окуялар абдан көп болуп кеткенин айтты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев акыркы кезде милиция кызматкерлеринин катыштыгы бар бир катар терс окуялар болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Андан сырткары, өлүм менен аяктаган эки кырсыкка милиция кызматкерлери себепкер болгонун кошумчалады.

"Милиция кызматкери кыз зордуктоого катышып жатат, милиционер порно видео таратам деп кыздардан акча талап кылып жатат. Баткенде Роза Маманова аттуу жаран милициядан кыйноого кабылдым деп жатат. Айтып отурсак, милицияга болгон нааразычылык коомдо көп. Социалдык тармакта милиция коргойбу же кордойбу деген да пикирлер айтылууда. Биз азыр кайсы заманда жашап жатабыз?" — деп суроо салды депутат.

Депутат ЖК Урмат Самаев - Sputnik Кыргызстан
"Чемпион" деген ким өзү? Чек арадагы атышууда аты аталган депутат тууралуу
Келдибаев ошондой эле тартип сакчыларын жумушка алууда бир катар алешемдиктерге орун берилип жатканын белгиледи.

"Милиция кызматкерин ишке кабыл алууда анын жүрүм-туруму, алган билими текшерүүдөн өтпөй жатат. Жаңылбасам, СССР учурунда күч органдарына кабыл алууда ата-тегине чейин текшерип, анан кабыл алчу", — деди ал.

Эл өкүлү укук коргоо органдарында иштегендердин ден соолугун, психикасын текшерүү өзүнчө чоң маселе экенин белгилеп, аталган кызматка туура келер-келбесин аныктагандар эгер акча берсе учкуч кылып чыгарып, эч кандай текшербей эле керектүү справкаларды колуна карматарын айтты.

"Ошондуктан милицияга туура эмес ой жүгүрткөн кызматкерлер келип жатат", — деген нааразычылыгын билдирди Келдибаев.

Депутат мындай көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн ИИМ реформага барышы керектигин, милициянын аброюн көтөрүү зарылдыгын сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0