БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бүгүн, 5-февралда, Бишкекте белгилүү балбан Кожомкул Каба уулунун музейи ачылды.
Иш-чара Кожомкул балбандын атын алып жүргөн Спорт сарайында өтүп, ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты.
Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондунун жетекчиси, балбандын чөбөрөсү Орозалы Жапар уулунун айтымында, музейдин аянты 60 чарчы метрди түзөт.
"Буга чейин атабыздын музейи Суусамырда бар болчу, эми борбор калаада ачылып жатат. Жаңы музейде чоң атамдын кийим-кечеси, үй-бүлөсүнө таандык идиш-аяктар жана фотоаппаратка тартылган архивдик сүрөттөр коюлат. Маданий жайдын аянты 60 чарчы метрди түзөт", — деди Жапар уулу.
![Кожомкулдун музейинин ачылышы борбордогу Спорт сарайында өттү Кожомкулдун музейинин ачылышы борбордогу Спорт сарайында өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196817_0:67:3067:1994_600x0_80_0_0_085958a0ed57cf242863d2fe47991410.jpg)
![Иш-чарага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты Иш-чарага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196826_0:106:3067:2033_600x0_80_0_0_398251fe0ed80b75ff513fed71cd6176.jpg)
![Музейдин ичи менен Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу тааныштырды Музейдин ичи менен Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу тааныштырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196835_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_e9d75db4f635b82c2bf162c0c505b569.jpg)
![Маданий жайда балбандын үй-бүлөсү колдонгон буюм-тайымдар да бар Маданий жайда балбандын үй-бүлөсү колдонгон буюм-тайымдар да бар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196844_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_8b04443976e39f086f75b3bb2bb5f458.jpg)
![Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Сүрөттө Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев. Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Сүрөттө Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196853_0:22:3067:1949_600x0_80_0_0_b94240a030ef3f92a9b78b8de44dcd95.jpg)
![Ошондой эле музейге балбандын архивдик сүрөттөрү коюлду Ошондой эле музейге балбандын архивдик сүрөттөрү коюлду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196861_0:67:3067:1994_600x0_80_0_0_1ffbce9240dbee43d89ac835295713f2.jpg)
![Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу болжолдуу гана маалыматтар айтылып келет Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу болжолдуу гана маалыматтар айтылып келет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196871_0:106:3067:2033_600x0_80_0_0_80c601ea2677b165ec8106bb7736ccb2.jpg)
![Бул Кожомкул балбан кийген чапан Бул Кожомкул балбан кийген чапан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/68/1043196899_0:309:2047:1596_600x0_80_0_0_91ac63c3734bc0346fe3fae036a13099.jpg)
![Иш-чаранын ачылышына келгендердин бири чапанды кийип да көрдү... Иш-чаранын ачылышына келгендердин бири чапанды кийип да көрдү... - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/69/1043196907_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_4f276d2fd363575e9ca95ec8f7f12ab7.jpg)
![Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондун жетектейт Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондун жетектейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104319/69/1043196916_0:50:3068:1977_600x0_80_0_0_24c88d347f654ed743f79d04352ad4ba.jpg)
Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн.
Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулунун айтымында, Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу так маалымат жок. Иликтөөчүлөрдүн болжолдуу маалыматы боюнча бою — 225, 236, 217 сантиметр, салмагы — 208, 164, 147 килограмм болгондугу айтылат.
Ошондой эле күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алгандыгы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны Төө-Ашуудан көтөрүп өткөндүгү айтылат.
Кожомкулдун көтөргөн, жылдырган, кулаткан таштары Суусамыр, Байрак, Жоо-Жүрөк, Кең-Суу жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө бар.
Атактуу балбан спортту гана аркалабастан, коомдук иштер менен да алектенген. Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы (1921-1929), Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы (1930), Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. 1955-жылы 67 жаш курагында дүйнө салган.
Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнүп, экөөнүн ортосунда Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал деген кызы болгон.