БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн Instagram баракчасына жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал сүрөттөрдүн алдына жолдошуна болгон сүйүүсүн жазган.
Спортчунун айтымында, күйөөсүнүн аты Александр Бакалов, ал 23 жашта. Алар төрт жыл сүйлөшкөн. Үйлөнүү тою 21-ноябрда Бишкекте өткөн.
Былтыр Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Маслова алтын жана күмүш байге алган. Спортчунун болочок жолдошу ал Азиада оюндарынан кайтып келери менен аэропорттон баш кошууну сунуштаган.