Текамакта (Мексика) 11 жолбун ит 34 жаштагы аялды талап өлтүргөнүн Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Камеранын видеобайкоосуна аялдын иттердин тобунан качып бара жаткан учуру түшүп калган. Бир аз убакыттан кийин аял жерге кулаган, иттер болсо аны тиштегилеп өлтүргөн. Окуянын өзү видеого түшкөн эмес.
Шаардын мэри муниципалитет кызматына жолбун иттер менен күрөштү күчөтүүгө тапшырма берген.