БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жолдогу тыгындарды жана жол белгилерин көрсөтө турчу электрондук билборддор пайда болду.
Бишкек шаарынын тургуну 7-Апрель (мурдагы Алматы көчөсү) көчөсүндө дал ушундай билборд коюлганын айтып, видеосун Telegram канал аркылуу жөнөткөн.
Анда тикесинен коюлган электрондук таблонун жогору жагында "Кыймыл аз" (Загруженность слабая) деп жазылганын жана 2 деген упай берилгенин көрүүгө болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган билбордду орноткон компаниянын өкүлү менен байланышты.
Анын айтымында, билборддор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашкан. Учурда мындай "акылдуу такталар" Бишкектин беш жерине орнотулду.
Компаниянын өкүлү электрондук такта социалдык-жарнамалык багытта колдонуларын белгиледи. Атап айтканда, билборддун жогору жагында жол тыгыны тууралуу жазылып, кыймылдын агымына жараша 1ден 10го чейин упай берилет. Мындан айдоочулар жол кыймылы кандай болуп жатканын билсе болот. Эгер машина аз болсо жашыл, анча көп болбосо сары жана автоунаа аябай көп болсо кызыл түстү көрсөтүп турат. Андан сырткары, тактанын багыт берүүчү жагында жол эрежелери жана ылдамдыктын чеги да көрсөтүлөт.
Компаниянын өкүлү коюлган электрондук такталардын "Коопсуз шаар" долбооруна эч кандай тиешеси жок экенин, ал көбүрөөк "Акылдуу шаарга" тиешелүү экенин белгиледи.
12-февралдан тарта Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар иштей баштады. Алар жети эреже бузууну каттайт.