БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатканын облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД регионаЧүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатат
![Чүйдө интернаттан качкан 13 жаштагы кыз изделүүдө Чүйдө интернаттан качкан 13 жаштагы кыз изделүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104317/95/1043179586_0:0:810:1080_600x0_80_0_0_b0041e788c5d3df21bf0cb281ee9a607.jpg)
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатат
© Фото / пресс-служба ГУВД региона
Ал 18-февраль күнү Таш-Дөбө айлындагы мектеп-интернаттан чыккан бойдон кайтып келген эмес. Милициянын айтымында, ал мурда дагы интернаттан качкан.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, көздөрү кара, чачы тармал, ийнине жетет.
Кийимдери кара түстө, колунда сары рюкзак бар.
Өспүрүмдүн жүргөн жери тууралуу маалыматтар болсо, төмөндөгү номерлерге кабар бериңиздер:
0(312) 36-35-27 (Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү), 0 (312) 36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0 (704) ) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 (Криминалдык милициянын издөө бөлүмү) же 102.