Аймактык биринчилик үч жыл катары менен өтүп жатат. Бул ирет мелдешке биринчи жолу Франциядан келген кыздар командасы катышты. Коноктордон сырткары турнирге алты команда кирди.
Биринчи орунду мурдагы эки чемпионаттын жеңүүчүсү, "Биримдик" командасы утуп кетти. Экинчини "Кабылан" алды. Ал эми коноктор үчүнчү орун үчүн ат салышуудан баш тартып койгондуктан "Улар" командасы жеңүүчү аталып калды.
Суперфиналда "Биримдик" француздар менен ойноп 6:4 эсебинде жеңилип калды.
Кийинки чемпионатты ушул эле райондо бир жылдан кийин өткөрүү пландалды.
Хорсбол — Франциядагы спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот. Атаандашынын алкакчасына көп топ таштаган команда жеңишке жетет. Ар бир командада төрттөн киши болуп, 10 мүнөттөн эки тайм ойношот.
![Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда француз оюнчуларынын катышуусунда хорсбол чемпионаты болуп өттү Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда француз оюнчуларынын катышуусунда хорсбол чемпионаты болуп өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491637_0:0:3068:2048_600x0_80_0_1_3c2559c3a919813183c36cf3abe38904.jpg)
![Хорсбол — Франциядагы спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот Хорсбол — Франциядагы спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491645_0:0:2048:3068_600x0_80_0_1_9f91df12a675c787501add7c8337d295.jpg)
![Турнирге алты жергиликтүү жана эки франциялык команда (эркектер жана аялдардан куралган — ред.) катышты Турнирге алты жергиликтүү жана эки франциялык команда (эркектер жана аялдардан куралган — ред.) катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491653_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_8e6f8ac4720e915a76a8bab3180a1c4c.jpg)
![Франциянын айымдардан куралган тобу биринчи ирет Токтогулда хорсбол ойноду. Алардын кээ бирлери мурда эркектердин командасында ойноп келген Франциянын айымдардан куралган тобу биринчи ирет Токтогулда хорсбол ойноду. Алардын кээ бирлери мурда эркектердин командасында ойноп келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491661_0:0:3068:2048_600x0_80_0_1_9513418206421a06ed2d807e3a1032de.jpg)
![Мелдеш көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты Мелдеш көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491669_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_fcf1406ccbb560382184d6a2b3ad1ad4.jpg)
![Француз айымдарын жеңген команда жалпы жыйынтыкта экинчи орунду ээледи. Баса, Кабылан хорсбол турнирине биринчи ирет катышып жатат Француз айымдарын жеңген команда жалпы жыйынтыкта экинчи орунду ээледи. Баса, Кабылан хорсбол турнирине биринчи ирет катышып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491678_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_f7becaa678ffb331b4e0b806a1939d37.jpg)
![Биринчи орунду мурдагы эки чемпионаттын жеңүүчүсү Биримдик командасы утуп кетти Биринчи орунду мурдагы эки чемпионаттын жеңүүчүсү Биримдик командасы утуп кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491686_0:0:2047:3207_600x0_80_0_1_7e7c932059b468b59f29bc710e0ec983.jpg)
![Суперфиналда Биримдик француздар менен кез келди Суперфиналда Биримдик француздар менен кез келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/16/1043491695_0:0:2048:2894_600x0_80_0_1_467516e4b8bf92d78ae88d3bd3f34c5b.jpg)
![Оюндун башында кыргызстандыктар активдүү ойноп биринчи таймды 2:1 эсебинде жыйынтыкташкан. Экинчи таймдын ортосунда эсеп саны кыргызстандыктардын пайдасына 4:3 болду. Бирок француздар оюндун акырына чейин үч топту катары менен киргизип жеңишке жетти Оюндун башында кыргызстандыктар активдүү ойноп биринчи таймды 2:1 эсебинде жыйынтыкташкан. Экинчи таймдын ортосунда эсеп саны кыргызстандыктардын пайдасына 4:3 болду. Бирок француздар оюндун акырына чейин үч топту катары менен киргизип жеңишке жетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/17/1043491703_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_238d32950714342a4117b6904d5471eb.jpg)
![Жеңиш ээлерине кубок ыйгарылса, байгелүү орундардын ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды Жеңиш ээлерине кубок ыйгарылса, байгелүү орундардын ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/17/1043491711_0:0:2047:3067_600x0_80_0_1_99ee75beb40ac680282ed352cee436ab.jpg)
![Француздар жыл өткөн сайын кыргыздар хорсболду мыкты ойной баштаганын айтып, дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүктөрү зор экенин белгилешти Француздар жыл өткөн сайын кыргыздар хорсболду мыкты ойной баштаганын айтып, дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүктөрү зор экенин белгилешти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/17/1043491719_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_03caf1cef3d4c232382b2648b84af41a.jpg)
![Франциялык хорсболчулар Кыргызстанга тез-тез келип жергиликтүү оюнчуларды машыктырып турушат Франциялык хорсболчулар Кыргызстанга тез-тез келип жергиликтүү оюнчуларды машыктырып турушат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/17/1043491727_0:0:3067:2048_600x0_80_0_1_9a6a4777a00934ccb11411adfef9c02a.jpg)
![Кыргызстандын Хорсбол боюнча федерациясы 2020-жылы өтө турган чемпионатка катышууга максат коюп жатат. Кыргызстандын Хорсбол боюнча федерациясы 2020-жылы өтө турган чемпионатка катышууга максат коюп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/17/1043491735_0:0:3063:2048_600x0_80_0_1_1e2582c5b1214f6b27d74ef94b67ed5d.jpg)