БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык архитектор Рахатбек Байтелиев жаңы стадиондун долбоорун сунуштады. Аны курууга 30 миллион доллар кетет.
Байтелиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) талаптарын окуп чыкканын айтып, андан кийин гана долбоорун иштеп чыгууга белсенгенин айтты. Бирок учурда долбоор ийне-жибине чейин иштелип чыга элек.
![Кыргызстандык архитектор Рахатбек Байтелиев жаңы стадиондун долбоорун сунуштады Кыргызстандык архитектор Рахатбек Байтелиев жаңы стадиондун долбоорун сунуштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/27/1043492772_31:0:1177:720_600x0_80_0_0_e442f1bd449d95f00878b06b4325a8e9.jpg)
![Аны курууга 30 миллион доллар кетет Аны курууга 30 миллион доллар кетет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/27/1043492789_93:-1:1239:720_600x0_80_0_0_4b3d9af489a0cb47f0e8952da9abf1c9.jpg)
![Байтелиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) талаптарын окуп чыкканын айтып, андан кийин гана долбоорун иштеп чыгууга белсенгенин айтты Байтелиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) талаптарын окуп чыкканын айтып, андан кийин гана долбоорун иштеп чыгууга белсенгенин айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/27/1043492780_54:-1:1200:720_600x0_80_0_0_76c402ba03ea52e5f5e5f39730c2ce66.jpg)
![Бирок учурда долбоор ийне-жибине чейин иштелип чыга элек Бирок учурда долбоор ийне-жибине чейин иштелип чыга элек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/28/1043492805_48:0:1194:720_600x0_80_0_0_9ce90205dc042bc092cc0c44fe3e22f1.jpg)
![Долбоор боюнча жаңы стадион алты гектар жерди ээлейт Долбоор боюнча жаңы стадион алты гектар жерди ээлейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/27/1043492797_134:0:1280:720_600x0_80_0_0_f10e02b44aab12af4a8171ab29050e94.jpg)
![Бирок аянттын тегерек четине автоунаа токтотуучу жай, футбол академиясы, чуркоо үчүн жол салуу жана башка административдик имараттар үчүн 25 гектар жер керек Бирок аянттын тегерек четине автоунаа токтотуучу жай, футбол академиясы, чуркоо үчүн жол салуу жана башка административдик имараттар үчүн 25 гектар жер керек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/28/1043492828_66:0:1212:720_600x0_80_0_0_be223b879f92e867b2f2439074c1b527.jpg)
![Стадиондун чатыры жарым-жартылай жабылып турат. Стадиондун чатыры жарым-жартылай жабылып турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/28/1043492836_51:0:1197:720_600x0_80_0_0_481c74f9abe06f675687e765d0d6d1c9.jpg)
Долбоор боюнча жаңы стадион алты гектар жерди ээлейт. Бирок аянттын тегерек четине автоунаа токтотуучу жай, футбол академиясы, чуркоо үчүн жол салуу жана башка административдик имараттар үчүн 25 гектар жер керек.
"Стадиондун сырткы жасалгасында улуттук желектин элементи болушу керек деп ойлойм. Аренага 25 миң кишиге чейин батат, бирок 30 миң киши баткыдай кылса да болот. Жогорку жана төмөнкү ярустар болот. Ортосунда VIP-зонасы жайгашат. Мунун бардыгы FIFA уюмунун талаптарына ылайык иштелип чыкты", — деди ал.
![30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады 30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104349/33/1043493382_0:0:3072:2048_600x0_80_0_0_b93b56b2ef6c1e6646a8199eac14eeca.jpg)
Стадиондун чатыры жарым-жартылай жабылып турат. Аренаны курууга 50 миллион доллар керектелет, бирок Байтелиев 30 миллион долларга деле курса болорун белгиледи. Анткени курулушка кете турчу бетон, арматура жана башка курулуш материалдары Кыргызстандын өзүндө бар.
Архитектор эгер бийликтегилер долбоорду колдоп жактырса, аны бекер эле иштеп чыгып берүүгө даяр экенин айтты. Ал мындай демилгелүү аракетине башка кесиптештерин да кызыктыра алган.
"Көптөгөн кесиптештерим чогуу иштөөгө даяр. Инженерлер жана башка тажрыйбалуу адистер дагы бар", — деди ал.
Архитектор долбоорун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине бир жума мурда жөнөткөн. Жакында талкуу болот, ага автор да чакырылган.
Буга чейин спорт боюнча мамлекеттик агенттиги инвесторлорго кайрылып, жаңы стадионду биргеликте курууга чакырган.
Жаңы стадион куруу маселеси Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыккандан кийин көтөрүлө баштаган.