00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки күндөн кийин жаз келет. Мартта күн кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый день весны в городе Бишкек
Первый день весны в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айында өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн көбүрөөк жылый турганы айтылды.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаздын келишине аз гана күн калды. Буга байланыштуу мартка карата аба ырайын сунуштайбыз.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, абанын орточо температурасы жалпы республика боюнча климаттык нормага жакын болот.

Чүй менен Кемин өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, термометр + 4...+7ни, ал эми Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +1…+3тү көрсөтөт.

Күндөн жашынып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сездиңиз беле? NASA эң ысык төрт жыл жана аптаптын кесепети тууралуу
Абанын эң суук мезгилдери марттын биринчи декадасына туура келери, кээ бир күндөрү абанын түнкү температурасы -3…-8, күндүз 0…5 градус болору болжолдонду. Ай ичинде көпчүлүк күндөрү түнкүсүн -0…-5, +2...+7 градус, күндүз +8…+13 градустан +15...+20 градуска чейин жылышы күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага (Чүй өрөөнүндө 43-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-52 мм) жакын болору кабарланды.

Талас

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, +3…+5ке жетет.

Марттын башында аба түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градустун тегерегинде болуп салкындары айтылды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 1…6 градус жылуулукка чейин, күндүз +7…+12ден +14…+19 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды (35-37 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Эки дубанда аба ырайынын орточо көрсөткүчү климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болору айтылды. Жалпы аймакта +7…+9 градус, тоо этектериндеги райондордо +3…+5 градус болот.

Карга оронгон аяздуу Бишкек. Февралдагы 12 сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Карга оронгон аяздуу Бишкек. Февралдагы 12 сүрөт
Анткен менен айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктап, күндүз +1…+6 градуска көтөрүлөт. Ай ичинде аба түнкүсүн 0…5 градустан 6...11 градуска чейин, күндүз 10…15 градустан 16…21 градус жылый турганы айтылды.

Тоо этектериндеги түнкүсүн -2 ... +3 градустан +4...+9га чыгаары, ал эми күндүздү +7…+12 градус жылуулуктан +13…+18 болору күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (26-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 34-122 мм) арбын болору айтылды.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогорулап, натыйжада 2…4 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан +1…+6 градуска жетсе, күндүз 0…+5 градустан +6…+11ге көтөрүлөрү айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага (5-16 мм, чыгышында 29-35 мм) жакын болору кабарланды.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, натыйжада 0…+2 градус, ал эми Кочкор районунда +1…+3 градус болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз 0…5 градус жылуу болушу айдын биринчи жарымында күтүлөт. Марттын экинчи жарымында күн жылып, түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8, Кочкор районунда +10...+15° болору айтылды.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап -7…-9 градус суук болору айтылды.

Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12ден тарта -15…-20га чейин жетет, күндүз -3…-8 ден жогорулап 0…+5 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (32-34 мм) арбын болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Жара в Тель-Авиве - Sputnik Кыргызстан
2019-жылы аба ырайы кандай болот? Дүйнөлүк илимпоздордун божомолу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1...1,5 градус өйдө көтөрүлүп, -7…-9 градус болушу күтүлөт.

Айдын биринчи он күндүгүндө аба сууктап, түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градус болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градуска, күндүз +3…+8 градуска чыгышы күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (23-25 мм) көп түшөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0