БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду. Ага жөнөкөй жарандардан тарта мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өлкөнүн биринчи адамдары да чыгышкан.
![Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104367/04/1043670491_0:115:2400:1623_600x0_80_0_0_72efb218b5d67cc70a6cc2dfee50652c.jpg)
![Ага жөнөкөй жарандардан тарта мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өлкөнүн биринчи адамдары да чыгышкан Ага жөнөкөй жарандардан тарта мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өлкөнүн биринчи адамдары да чыгышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104367/05/1043670506_40:0:2400:1483_600x0_80_0_0_01726fb20175840cb8571ae3e7219015.jpg)
![Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги Ата-Бейит мемориалдык комплексинде өткөн Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги Ата-Бейит мемориалдык комплексинде өткөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104367/05/1043670501_0:0:2222:1397_600x0_80_0_0_1cd9126b67f07b9640cefd2ea473a730.jpg)
![Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн аппараты Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын айланасындагы таштандыларды тазалап, көчөт отургузган Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн аппараты Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын айланасындагы таштандыларды тазалап, көчөт отургузган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104367/05/1043670546_0:0:1600:1006_600x0_80_0_0_aff4e470cf241248905a138c68f0cdce.jpg)
![Ал эми спикер Дастан Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Эркиндик бульварын тазалап, 350 эмен көчөтүн тиккени айтылды Ал эми спикер Дастан Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Эркиндик бульварын тазалап, 350 эмен көчөтүн тиккени айтылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104367/05/1043670513_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_74748fcc18ba3025e05daf640151f59f.jpg)
![Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү ишембиликке Бишкек калаасындагы 550дөн ашык уюм жана мекемелерден 50 миңдей адам чыгып, 40ка чукул атайын унаа тартылган Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү ишембиликке Бишкек калаасындагы 550дөн ашык уюм жана мекемелерден 50 миңдей адам чыгып, 40ка чукул атайын унаа тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104367/05/1043670551_0:0:1600:1006_600x0_80_0_0_7c07ecef2bf8416dff544b373a0e49e2.jpg)
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн. Алгач куран окулуп, андан соң комплекстин айланасы тазаланган.
Ал эми спикер Дастан Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Эркиндик бульварын тазалап, 350 эмен көчөтүн тиккени айтылды.
Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү ишембиликке Бишкек калаасындагы 550дөн ашык уюм жана мекемелерден 50 миңдей адам чыгып, 40ка чукул атайын унаа тартылган.
Айлана-чөйрөнү тазалап, жашылдандыруу иштерине Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да кол тийгизген. Алар Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишине 300 көчөт отургузду.