БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында Советтер Союзунун баатыры Исмаилбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдин эрдигинин 75 жылдыгына карата шашки турнири өттү. Бул тууралуу ЖККУнун "Кант" авиабазасынын маалымат кызматы билдирди.
Спорттук мелдештин алдында Советтер Союзунун баатырлары мемориалында эскерүү иш-чарасы өтүп, ага ардагерлер, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскер жана аскер-аба атташеси Андрей Лактионов, "Россотрудничество" уюмунун өкүлү Ирина Царева, Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскерий лицейинин курсанттары жана авиабазанын кызматкерлери катышкан.
![Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында Советтер союзунун баатыры Исмаилбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдин эрдигинин 75 жылдыгына карата шашки турнири өттү Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында Советтер союзунун баатыры Исмаилбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдин эрдигинин 75 жылдыгына карата шашки турнири өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104368/19/1043681948_0:104:3091:2047_600x0_80_0_0_f382bf0d3725db28f6a5204eb6855af1.jpg)
![Спорттук мелдештин алдында Советтер Союзунун баатырлары мемориалында эскерүү иш-чарасы өтүп, ага ардагерлер, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскер жана аскер-аба атташеси Андрей Лактионов, Россотрудничество уюмунун өкүлү Ирина Царева, Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскерий лицейинин курсанттары жана авиабазанын кызматкерлери катышкан. Спорттук мелдештин алдында Советтер Союзунун баатырлары мемориалында эскерүү иш-чарасы өтүп, ага ардагерлер, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскер жана аскер-аба атташеси Андрей Лактионов, Россотрудничество уюмунун өкүлү Ирина Царева, Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскерий лицейинин курсанттары жана авиабазанын кызматкерлери катышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104368/19/1043681953_0:53:3096:1999_600x0_80_0_0_05627db5cfc714cbf18808ee126747d3.jpg)
Ошондой эле жаш муунга Исмаилбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдин жасаган эрдиктерин айтып беришти.
Ал эми шашки турниринин жеңүүчүлөрүнө медалдар менен кубок тапшырылды.