БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мээнин залалдуу шишигине кабылгандар алгач оорунун кайсы белгилерине кол шилтеп жүрүшкөнүн айтып берди. Бул тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн Лондондогу Падышалык окуу жайдын окумуштууларына шилтеме берип РИА Новости жазды.
51-60 жаштагы оорулуулар диагнозун укканга чейин эске тутуусу начарлап, айрым учурларда боюн түз кармай албай калганын байкашкан. Бирок бардыгы муну карылыктын белгиси деп ойлошкон.
Ал эми 41-50 жаштагылардын тайпасындагы аялдардын бири качандыр бир кезде тили байлана баштаганын айтат.
"Сүйлөп жатканда тилим булдурап, сөздөрүм түшүнүксүз болуп калчу. Бул көрүнүш бир мүнөткө жетчү эмес, ошондуктан этибар алган эмесмин", — деди ал.
31-40 жаштагылардын тайпасындагы келин өзү мугалим болуп иштегендиктен, дайымкы чарчап турган абалын кесибине шылтоолоп койчу. Кесиптештеринин "Өх, аябай чарчадым" деген сөзүн өзүнө абдан жакын кабыл алчу.
Бул адамдардын дээрлик бардыгы дарыгерге жакындарынын сунушу менен же көздүн көрүүсү абдан начарлап кеткенде кайрылышкан.