БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Шабдан баатыр — Жибек Жолу, Чүй — Бейшеналиева көчөлөрүнүн, Ак-Өргө жаңы конушунун аймактарындагы абанын зыяндуулугу текшерилди. Бул туурасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Абанын зыяндуулугу дрон жана атайын аба өлчөөчү аппарат менен текшерилген.
Изилдөөнүн жыйынтыгында Шабдан баатыр — Жибек-Жолу жана Чүй — Бейшеналиева көчөлөрүнүн аймагында диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 1,2ден 1,9 эсеге чейин жогору экендиги байкалган. Ал эми кирдин көрсөткүчү 17 эсеге көп болгон.
Шаардагы абанын булганышын изилдөө максатында аталган агенттиктин кызматкерлери жакынкы арада Бишкектин бардык кичирайондорунун, борбордук көчөлөрдүн жана жаңы конуштардын абасын текшерүүгө алмакчы.
Автоунаалар дагы азыркы күндө курчап турган чөйрөнүн абасынын булганычына себепкер болууда. Маселен, өндүрүштөн бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 10 пайызды түзсө, ал эми автоунаалардан чыккан зыяндуу заттар дээрлик 90 пайызга чамалап барат.
"Түзүлгөн мындай жагдайга ылайык, аталган мамлекеттик агенттик Бишкектин абасын жакшыртуу боюнча иш-чарага шаар ичиндеги маршруттук каттамдагы кичиавтобустардын санын кыскартып, чоң автобустардын санын көбөйтүү, троллейбустардын жана троллейбус линияларынын санын жогорулатууну сунуштоодо", — деп айтылат маалыматта.
Жыл сайын Бишкек шаарынын абасына бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзсө, анын 180 миң тоннасы автоунааларга тийиштүү.