Хоккей федерациясы лицензия алып, расмий түзүлгөнүнө болгону жети жылдын жүзү толду. Ошого карабай жакшы жетишкендиктер бар. Бул тууралуу Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, федерация 2019-2020-окуу жылына карата хоккей класстарын ачууну пландап жатат. Бул боюнча мэрия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
"Бишкектеги муз аянтынын жанында жайгашкан мектептерге быйылкы окуу жылынын башталышы менен хоккей класстарын киргизгени жатабыз. Мындай тажрыйбаны Санкт-Петербург шаарынан көрүп келдик. Хоккей өзү кымбат спортко кирет, анын кийилүүчү формасы эле бир канча миң доллар турат. Мындан сырткары, атайын муз аянты керек. Ошондуктан бардык эле мектептерде ача албайбыз. Учурда мэрия менен сүйлөшүп, шаардык муз аянтка жакын жайгашкан мектептерге атайын класстарды ачууга камынып жатабыз. Хоккей классында окуган балдардын окуу программасы да алардын машыгуусуна ылайыкташтырылат. Бул биринчи кезекте балага машыгууга жана ата-энеге баласын ташууга жеңил болот. Формаларды демөөрчүлөрдүн жардамы менен өзүбүз даярдап жатабыз. Алгач балдар катышып көрүшөт. Эгер окуучунун кызыгуусу артып, хоккей ойнору анык болсо, анда форманы сатып ала алат", — деди Оморканов.
Ал машыктыруучулукка Бишкек шаарынан жана учурда Нарын облусунда иштеп жаткан тренерлер тартыларын кошумчалады.