БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң бийик имарат — Дубайдагы Бурж-Халиф мунарасына чагылган тийген ирмем видеого түшүп калды.
Ал кадрларды Дубайдын мураскер ханзаадасы Шейх Хамдан бен Мохаммад бин Рашид Аль Мактум өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.
Nature’s flash ⚡ #Dubai #Lightning #Thunder #Slowmotion pic.twitter.com/B9V6r49cAJ
— Hamdan bin Mohammed (@HamdanMohammed) 13 апреля 2019 г.
Айта кетчү нерсе мунаранын чатырындагы шиш чагылган тоскуч болуп эсептелет.
Бурж-Халиф — дүйнөдөгү эң бийик имарат. Бийиктиги — 828 метр, 2010-жылы курулуп бүткөн.
Өткөн жылдын аягында Кувейттин Аскер-аба күчтөрүнүн F-18 учагына да чагылган тийген учур видеого тартылып калган.