БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 15-апрель күнү болгон. Кырсык тууралуу куткаруучуларга саат 23:45те кабарланган. Алар издөө иштерин түнкү саат 02.40ка чейин жүргүзүп, бирок андан майнап чыккан эмес.
© Фото / пресс-служба МЧС КР Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды
![Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104398/92/1043989230_0:0:1241:700_600x0_80_0_0_43ac105ba1aaabd1d044f036d1ec3612.jpg)
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Алаш тоосунда жардан кулап кеткен 41 жаштагы киши табылды
© Фото / пресс-служба МЧС КР
"Бүгүн, 16-апрелде, куткаруучулар эртең мененки саат 07:40та жабырлануучуну таап, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба МЧС КРКиши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык
![Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104398/92/1043989233_0:0:720:1277_600x0_80_0_0_c5dcdd451e3b568540ef068fce8da220.jpg)
Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Киши бутун кокустатып алган, абалы канааттандырарлык.