БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар Барсбек Бектемировду издөөгө бүгүн, 17-апрелде, 115 куткаруучу чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бөбөктү табууга Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата жана Москва райондорунан, Токмок шаарынан куткаруучулар тартылган. Мындан сырткары, издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан ИИМинин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен төрт суучул да чыкты.
![Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөөгө бүгүн, 17-апрелде, 115 куткаруучу чыкты. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөөгө бүгүн, 17-апрелде, 115 куткаруучу чыкты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104399/69/1043996939_0:0:3072:2048_600x0_80_0_0_b3d477c5d891863544d47dd54016e268.jpg)
![Бөбөктү табууга Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата жана Москва райондорунан, Токмок шаарынан куткаруучулар тартылган. Бөбөктү табууга Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата жана Москва райондорунан, Токмок шаарынан куткаруучулар тартылган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104399/69/1043996944_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_93ed685582c6fbb75045708ec61b449e.jpg)
![Мындан сырткары, издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан ИИМинин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен төрт суучул да чыкты. Мындан сырткары, издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан ИИМинин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен төрт суучул да чыкты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104399/69/1043996929_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_9599764f9a6d1cc768342d0ababb40b1.jpg)
![Эске салсак, 11-апрель күнү бөбөк Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. Эске салсак, 11-апрель күнү бөбөк Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104399/69/1043996934_0:0:3072:1930_600x0_80_0_0_8c7b9012815528486511db4c4f801e37.jpg)
Эске салсак, 11-апрелде 5 жашар Барсбек Бектемиров Чүйдүн Константиновка айылында Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. Алгачкы күнү аны издөөгө 11 куткаруучу тартылып, таппай, 15-апрелде издөө иштерине 100гө чукул куткаруучу чыккан. Бирок дагы деле табыла элек.
Баланын кош бойлуу энеси уулун табууга элден жардам сураган видеосу тараган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Абалы начарлаган келинге психолог менен дарыгерлер жардам берүүдө.
Жаш үй-бүлөнүн туугандарынын айтымында, сууга аккан бөбөк алардын тун уулу болчу.