00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тамырыбыз бир! Петербургга КМШдан 250 делегат эмнеге чакырылганы айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары. Архив
Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар кийинки муун согуштун калтырган тактарында ошол кездеги СССР элдеринин тамыры бир болуп калгандыгын сезсе деген ниетте экендигин айтышкан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында 25-апрелде "Биримдиктин күчү менен келген Улуу Жеңиш" аттуу IX эл аралык форум ачылат. Ага мурдагы СССРдин курамына кирген республикалардын ичинен 250 делегат катышмакчы. Москвадагы маалымат жыйында уюштуруучулар форум тажатма, көңүлсүз болбой тургандыгын айтышты.

Жеңиш форумунун лейтмотиви Ленинградды курчоодон куткаруунун 75 жылдыгына арналат. Диалогго Шериктеш мамлекеттерден, Балтика боюндагы республикалардан, Грузиядан блокадага катышкандар менен алардын балдары, неберелери катышат. Алардан сырткары коомдук уюмдардан, издөө кызматтарынын катышуучулары, тарыхчылар, саясат таануучулар, чыгармачыл интеллигенция менен ЖМК өкүлдөрү келери белгилүү болду.

"Бүгүн Дүйнөлүк экинчи согуш тууралуу кайрадан ой жүгүрткөн учурда башка ойлор, көз караштар келип чыгууда. Жаңы өлкөлөрдүн тарыхчылары аянтчада кездешип, көп окуялардын чоо-жайын түшүнүп, билип алышууда. Бул абдан маанилүү. Кесипкөйлөрдү тартууга, чакырууга аракет кылып жатабыз. Себеби бул темада сөз кылып, тарыхый учурга кесипкөйлөр эмес, публицист-интерпретаторлордон кайрылгандар болуп жатат" , — деген КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык гуманитардык кызматташуу фондусунун башчысы Михаил Швыдкой.

Аталган иш-чаранын расмий форматтан айырмаланып ээн-эркин, биринчи иретте жаштар үчүн кызыктуу болору айтылды.

Атамбаев: Токтогон апа 16 жаш күлгүн курагында 150 балага эне болгон
"Тилекке каршы, Жеңиштин 75 жылдыгы бизди ардагерлердин көбүнөн бөлүп турган чек болууда, алардын элеси эсибизде гана калды. Менин муунум жеңишти алып келгендердин балдары экенибиз менен сыймыктанчу. Согуштан кийин дароо жарыкка келген балдарбыз, биз деле бир топ жашка чыгып калдык. Согуштун элеси ал апаатты таптакыр көрбөгөн адамдардын эсинде калганы маанилүү", — деген ал.

Швыдкой азыр кээ бир постсоветтик өлкөлөрдүн өкмөтү тарыхый окуя боюнча россиялык трактовканы колдобостугун айтты.

"Форумдун кезектеги эле фейерверк менен салюттардын аянты болуп калышын каалабайбыз. Ал адамдар кездешип, сүйлөшүп, өткөн-кеткенди эстеп, тарыхый бир окуя, тагдырлар бириктирген, согуштун калтырган тактарында тамырыбыз бир болуп калгандыгын сезсе дейбиз. Бул келечекте кандай моделди курушубуз керектиги боюнча ойго түрткөн аянтча болот деп эсептейбиз", — деген Швыдкой.

Ал ошол кездеги СССР деген мамлекеттин эли күчүн, демин бириктирип согушта жеңгендиги айныксыз факт экендигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0