Subaru BL-5 машинасынын айдоочусу Бишкектен кызды коюп кетип, кырсык болгон жерден унаасын таштай качты. Бул тууралуу окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 22-апрелде саат 19:00дөр чамасында Лермонтов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде болгон.
"Айдоочу кызды коюп кеткенден кийин башка автоунаага барып урунду. Андан соң машинасынан түшүп качып кетти", — деди ал.
Видеодон окуя болгон жерде Тез жардам кызматынын иштеп жатканын көрүүгө болот.
Бишкек ЖКККБы кырсык болгонун тастыктап, учурда чоо-жайы такталып жатканын маалымдады.
Эгер кандайдыр бир окуялардын видео, сүрөтүн тартып алсаңыз, +996 706 566 544 номери аркылуу WhatsApp же Telegram каналына жиберсеңиз болот.