00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Керебетке батпай полдо уктаган балдар. Бала бакчанын директору түшүндүрмө берди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДетский дом в Великом Новгороде
Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Директор балдарга керебеттер жетиштүү экенин жана мындай көрүнүш биринчи жолу болгонун айтууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан балдардын видеосу тартылган Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасынын директору Айнагүл Мадылбаева окуя боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине комментарий берди.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта 50дөн ашык баланын бир бөлмөдө жаткан видеосу тараган. Андан бир керебетте төрт-бештен бала узун-туурасынан, калганы полдо уктап жатканын көрүүгө болот. Балдардын үстүн да жууркан менен жабышкан эмес. Бул соцтармак колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратып, кызуу талкууланууда.

Директордун айтымында, видео 19-апрелде тартылган. Ал күнү башка бөлмөнүн полун сырдап койгондуктан эки тайпанын балдарын бириктирип уктатышкан.

"Эки жума мурун бакчаны актап, сырдаганбыз. Курулушчулар кичи тайпадагы балдардын бөлмөсүнүн дубалын актагандан кийин полдогу чачырандысын тазалабай кетишиптир. Ата-энелер муну көрүп нааразы болгондуктан жума күнү, 19-апрелде, полду кайра жууп-тазалап, сырдадык. Ал күнү балдардын тамагын бергенден кийин ортончу тайпа менен кошуп уктатууну чечкенбиз. Ал күнү кечинде сырдасак, дүйшөмбүгө чейин кургабай калмак. Бир күн эле ушинтип жатышкан, аны кимдир бирөө видеого тартып алыптыр", — деди Мадылбаева.

Ошондой эле директор бала бакчада 321 бала тарбияланарын, ар бирине бирден керебет, жууркан, жаздыктары жетиштүү экенин белгиледи.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: ата-энелер тарбиячы балдарды кантип уруп жүргөнүн айтышты
"Негизи балдар полго жатпашы керек эле. Тарбиячы койкалардын ортосуна жууркандарды салып жаткырып коюптур. Ар бирине бирден койка коюп же килемдин үстүнө матрац салып уктатса болмок. Тарбиячы кемчилик кетирип койду. Аларга оюн зонасына койка коюп жаткыргыла деген болчумун. Ал эми балдардын үстүн эмнеге жууркан менен жаппай койгонун да териштирип жатабыз. Негизи бизде баары жетиштүү эле. Келип көрүп кетсеңиздер болот", — деди директор.

Ал убакта директор өзү алты тайпанын бирден тарбиячысын алып, бакчанын тегерегин тазалоо үчүн ишембиликке чыкканын айтты.

Бул боюнча Биринчи Май райондук билим берүү борборунан 10 киши келип текшерип кеткенин да кошумчалады.

Ал эми Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова 2018-жылга карата берген маалыматында, калаада муниципалдык 85 бала бакча бар экенин айткан. 14 миң орунга ылайыкташкан бакчаларда 25 миң бала тарбияланат.

Жеке менчик бала бакчалардын саны 215ке жетет. Анда тарбияланган балдардын саны 15 миң. Жеке менчик менен мамлекеттик бала бакчалардагы бөбөктөрдү кошуп эсептегенде жалпы 40 миң бала чыгат.

Мейрманованын маалыматына караганда, Бишкекте 6 жашка чейинки 88 миң бала бар. Калган 48 миң бала бакчага барбайт дегенди түшүндүрөт.

Деген менен Мамлекеттик мүлк фондусу 1991-2018-жылдары 19 бала бакча жеке менчикке өтүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген. Анын үчөө гана кайрадан мамлекетке кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0