БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө.
![Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104416/56/1044165656_0:0:3067:1927_600x0_80_0_0_fdc2cf78a046e74edabe1e8fdb84bce7.jpg)
![Биринчисин жашылдар партиясынын өкүлдөрү Ала-Тоо аянтында уюштурду Биринчисин жашылдар партиясынын өкүлдөрү Ала-Тоо аянтында уюштурду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104416/56/1044165651_0:85:3067:2012_600x0_80_0_0_8e8cb107a36a3d23d9eab557a19fce5a.jpg)
![Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104416/56/1044165662_0:0:3067:1928_600x0_80_0_0_6b52d1acc0ab4c1bb8635218996e070a.jpg)
![Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө. Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104416/56/1044165645_0:0:3067:1928_600x0_80_0_0_39c7868ffb59651dd39d593772a62bb7.jpg)
Биринчисин жашылдар партиясынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтында уюштурду. Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок.
Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө.
Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өттү. 29-апрелде Балыкчыда уранга каршы жүрүш болгон. 22-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги ишти убактылуу токтотуу боюнча буйрук берген. Кенди чалгындоо үчүн лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2010-жылы алган. Ишкана кенди иштетүүгө дагы уруксат алууну пландап жаткан болчу. Бирок, 25-апрелде, Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда лицензия артка чакыртылганын билдирген. Анткен менен кийинчерээк лицензия 27-апрелде артка кайтарылганы белгилүү болду.